Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жакан 4:1—54

4  Иса фарисейлердин анын Жаканга караганда көбүрөөк шакирт даярдап, чөмүлдүрүп жатканы+ жөнүндө угушканын билгенде  (чынында, элди ал эмес, шакирттери чөмүлдүрүп жаткан эле)  Жүйүт жеринен кайра Галилеяны көздөй жөнөдү.  Самария+ аркылуу жол жүрүшү керек болгондуктан  ал самариялыктардын Сихар деген шаарына келди. Ал шаар Жакып өзүнүн уулу Жусупка берген жерге+ жакын жайгашкан эле.  Ошол жерде Жакыптын кудугу+ бар болчу. Жол жүрүп чарчаган Иса кудуктун жанында отурган. Алтынчы* саат чамасы эле.  Ошол маалда самариялык бир аял суу алганы келди. Иса ага: «Ичкенге суу берчи»,— деди.  Шакирттери болсо тамак-аш сатып келгени шаарга кетишкен эле.  Самариялык аял: «Жүйүт болуп туруп самариялык аялдан суу сураганың кандай?» — деди. Себеби жүйүттөр самариялыктар менен мамилелешчү эмес+. 10  Иса: «Эгерде Кудайдын белеги+ эмне экенин жана сага: „Ичкенге суу берчи“,— деп ким+ айтып жатканын билсең, өзүң андан суу сурамаксың. Ал сага өмүр суусун бермек»,— деп жооп берди+. 11  Аял: «Мырзам, суу сузуп алгыдай чакаң да жок экен, кудук болсо терең. Анан өмүр суусун сен кайдан алмак элең? 12  Бизге ушул кудукту калтырган жана мындан өзү да, балдары да, малы да суу ичкен атабыз Жакыптан да чоңсуңбу?» — деди+. 13  Буга Иса: «Бул суудан ичкен киши кайра эле суусайт. 14  Ал эми ким мен берген суудан ичсе, эч качан суусабайт+. Мен берген суу анын ичинде түбөлүк өмүр бере турган+ оргуштаган булакка айланат»+,— деп жооп берди. 15  Ошондо аял: «Мырзам, суусабашым үчүн жана бул жерге кайра-кайра келе бербешим үчүн, ошол суудан берчи»,— деди. 16  Иса ага: «Барып, күйөөңдү чакырып кел»,— деп айтты. 17  «Менин күйөөм жок»,— деп жооп берди аял. Иса: «„Күйөөм жок“,— деп туура айттың. 18  Анткени сенин беш күйөөң болгон. Азыр сени менен жашап жаткан киши күйөөң эмес. Сен чындыкты айттың»,— деди. 19  Аял ага: «Мырзам, сен пайгамбар окшойсуң+. 20  Биздин ата-бабаларыбыз бул тоодо сыйынышчу+, силер болсо Кудайга сыйына турган жай Иерусалимде дейсиңер»,— деп айтты+. 21  Иса мындай деди: «Ишенип кой, адамдар Атама бул тоодо да, Иерусалимде да+ сыйынбай турган убак келет+. 22  Силер эмнеге сыйынып жатканыңарды билбейсиңер+, биз болсо билебиз, анткени куткарылуу жөнүндөгү билим адегенде жүйүттөргө берилген+. 23  Бирок чыныгы сыйынуучулар Атама ыйык рухтун жетеги менен+ жана чындыкка ылайык+ сыйына турган убак келет, ал тургай, келип да калды. Анткени Атам өзүнө ошондой сыйынуучуларды издейт+. 24  Кудай — Рух+. Ошондуктан ага сыйынгандар ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынышы керек»+. 25  Аял Исага: «Машаяк+ деп аталган бирөөнүн келерин билем+. Ал келгенде бизге баарын айтып берет»,— деди. 26  Ошондо Иса: «Сен дал ошонун өзү менен сүйлөшүп турасың»,— деди+. 27  Ошол учурда шакирттери кайтып келишти да, Исанын аял менен сүйлөшүп жатканын көрүп таң калышты. Бирок эч кимиси: «Андан эмнени сурап жатасың?» же «Эмнеге аны менен сүйлөшүп жатасың?» — деп сураган жок. 28  Аял болсо кумурасын калтырып, шаарга барды да, элге: 29  «Жүргүлө, кылган иштеримдин баарын айтып берген кишини көргүлө. Машаяк ошол болуп жүрбөсүн?!» — деди+. 30  Алар шаардан чыгып, Исаны көздөй жөнөштү. 31  Ал ортодо шакирттери Исадан: «Устат+, тамактанып ал»,— деп өтүнүштү. 32  Бирок ал: «Менин силер билбеген тамагым бар»,— деди. 33  Шакирттери бири-бирине: «Ага бирөө тамак алып келип бергенби?» — дешти. 34  Иса аларга мындай деди: «Менин тамагым+ — мени жибергендин эркин аткаруу+ жана ал тапшырган ишти аягына чыгаруу+. 35  Силер оруп-жыюу маалына дагы төрт ай бар дейсиңер. Бирок силерге айтарым: башыңарды көтөрүп, талаага көз чаптыргылачы; эгин оргонго даяр болуп, бышып калды+. 36  Себүүчү+ менен чогуу кубаныш үчүн+, орокчу азыртан эле акысын алып, түбөлүк өмүр үчүн түшүм+ жыйнап жатат. 37  „Бири себет, экинчиси орот“,— деген сөз ушул учурга туура келет. 38  Мен силерди өзүңөр эмгек кылбаган түшүмдү оргонго жибердим. Башкалар эмгектеништи+, силер болсо алардын эмгегинин үзүрүн чогуу көрүп жатасыңар». 39  Ошол шаардагы көптөгөн самариялыктар: «Ал кылган иштеримдин баарын айтып берди»+,— деп күбөлөндүргөн аялдын сөздөрүн угуп, Исага ишенип калышты+. 40  Анан Исага келип, өздөрү менен калышын өтүнүштү. Иса ал жерде эки күн болду+. 41  Анын сөзүн угуп, дагы көптөр ишенип калышты+. 42  Алар аялга: «Биз эми сенин айткандарың боюнча эле ишенип жаткан жокпуз, анткени анын сөзүн өз кулагыбыз менен угуп+, анын чын эле дүйнөнүн куткаруучусу+ экенин билдик»,— деп айтышты. 43  Эки күндөн кийин Иса ал жерден Галилеяга жөнөдү+. 44  Анткени пайгамбарды өз жеринде урматташпай турганын өзү айткан болчу+. 45  Галилеяга келгенде, галилеялыктар аны кабыл алышты, себеби алар да Иерусалимдеги майрамга барып+, анын кылган иштеринин баарын көрүшкөн эле+. 46  Галилеяда жүргөндө Иса кайрадан Каанага+, өзү мурун сууну шарапка айландырган шаарга, барды+. Ошол учурда Капернаумда+ падыша сарайында кызмат кылган бир кишинин уулу ооруп жаткан болчу. 47  Ал Исанын Жүйүт жеринен Галилеяга келгенин угуп, ага барды да, өлүм алдында жаткан уулун айыктырып беришин өтүндү. 48  Бирок Иса ага: «Силер керемет-жышаандарды+ көрмөйүнчө эч ишенбейсиңер»,— деп айтты. 49  Падышанын кызматчысы: «Мырзам, балам өлүп кала электе, барчы»,— деди. 50  Иса: «Үйүңө бара бер+, уулуң айыкты»,— деди+. Ал анын айткан сөзүнө ишенип, үйүнө жөнөдү. 51  Жолдон кулдары тосуп чыгып, баласынын айыгып калганын айтышты+. 52  Ал кулдарынан анын саат канчада жакшы болуп калганын сурады. Алар: «Этинин ысыганы кечээ жетинчи* саатта басылды»,— дешти+. 53  Ошондо баланын атасы Исанын: «Балаң айыкты»,— деп дал ошол саатта айтканын эстеди+. Ал бүт үйүндөгүлөрү менен Исага ишенип калды+. 54  Бул Исанын Жүйүт жеринен Галилеяга келгенде жасаган экинчи керемети эле+.

Шилтемелер

Түшкү саат он экилер.
Түшкү саат бирлер.