Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жакан 3:1—36

3  Фарисейлердин* арасында жүйүттөрдүн Никедим+ деген бир башчысы бар эле.  Ал түн ичинде Исага келип+: «Устат+, сенин Кудайдан келген+ окутуучу экениңди билебиз+. Анткени Кудай колдобосо+, сен көрсөткөн кереметтерди эч ким көрсөтө албайт»,— деди+.  Иса: «Сага чындыкты айтып коёюн+, кимде-ким кайрадан төрөлбөсө*+, Кудайдын Падышалыгын көрбөйт»,— деп жооп берди+.  Ошондо Никедим: «Карыган киши кантип кайра төрөлсүн? Ал энесинин курсагына экинчи жолу кирип, кайра төрөлмөк беле?» — деди.  Иса ага: «Сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким суудан+ жана рухтан төрөлбөсө+, Кудайдын Падышалыгына кирбейт.  Адамдан адам, рухтан рух төрөлөт+.  Кайрадан төрөлүүгө тийиш+ экениңерди айтканыма таң калба.  Шамал+ каалаган жагына согот. Анын үнүн угасың, бирок кайдан келип, кайда барарын билбейсиң. Рухтан төрөлгөндөрдүн да ар бири ушундай»,— деди+.  Никедим: «Бул кандайча болушу мүмкүн?» — деп сурады. 10  Иса мындай деди: «Ысрайыл элинин окутуучусу болуп туруп муну кантип билбейсиң?+ 11  Сага чындыкты айтып коёюн, биз билгенибизди айтып, көргөнүбүздү күбөлөндүрөбүз+, бирок силер биздин күбөлөндүрүүбүздү кабыл албай жатасыңар+. 12  Жердеги нерселер жөнүндө айтканымда, ишенбей жатсаңар, асмандагы нерселер жөнүндө айтсам, кантип ишенмек элеңер?+ 13  Анын үстүнө, асманга бир да адам барган эмес+. Адам Уулу+ болсо асмандан келген+. 14  Муса чөлдө жыланды шыргыйга кадап+, жогору көтөргөндөй, адам Уулу да жогору көтөрүлүшү керек+. 15  Ошондо ага ишенгендердин ар бири түбөлүк өмүргө ээ болот+. 16  Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн+, өзүнүн жалгыз Уулун*+ ага ишенген+ ар бир адам өлбөй+, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди+. 17  Анткени Кудай өзүнүн Уулун дүйнөнү соттош үчүн эмес+, куткарыш үчүн жиберген+. 18  Ага ишенгендер соттолбойт+. Ал эми ишенбегендерге өкүм чыгарылган, анткени Кудайдын жалгыз Уулунун ысмына ишенбей коюшту+. 19  Өкүм буга негизделет: дүйнөгө жарык келди+, бирок адамдар жарыктан караңгылыкты артык көрүштү+. Анткени алардын иштери жаман эле. 20  Жаман иштерди кылган адам+ жарыкты жек көрөт жана жасаган иштери ашкереленип калбашы үчүн, жарыкка келбейт+. 21  Ал эми жакшы иштерди кылган адам, иштери Кудайдын эркине ылайык келери көрүнүп турушу үчүн, жарыкка келет»+. 22  Андан кийин Иса шакирттери менен Жүйүт жериндеги бир айылга барды. Ал жакта шакирттери менен бир нече убакыт болуп, элди чөмүлдүрдү+. 23  Жакан+ болсо Салимдин жанындагы Айнондо чөмүлдүрүп жатты, анткени ал жерде суу көп эле+. Эл ага келип, чөмүлтүлүп жатты+. 24  Ал кезде Жакан түрмөгө камала элек болчу+. 25  Жакандын шакирттери тазалануу каадасы+ тууралуу бир жүйүт менен талаша кетишти. 26  Алар Жаканга келип: «Устат, карасаң, Иордандын аркы өйүзүндө сага келген, сен айткан+ киши элди чөмүлдүрүп жүрөт. Ага баары барып жатат»,— дешти+. 27  Жакан аларга: «Асмандан берилбесе, адам эч нерсе ала албайт+. 28  „Мен Машаяк эмесмин+, бирок анын алдынан жиберилгем“+,— деп айтканымды өзүңөр айтып жатпайсыңарбы. 29  Колукту күйөөгө таандык+. Бирок күйөө жолдош жанында турган досунун үнүн угуп, абдан кубанат. Менин да кубанычым койнума батпай турат+. 30  Машаяктын зоболосу көтөрүлүп, меники төмөндөшү керек»,— деди. 31  Жогорудан келген баарынан жогору+. Ал эми жерден жаралган жерге таандык. Ал жердеги нерселер тууралуу сүйлөйт+. Асмандан келген баарынан жогору+. 32  Ал уккан-көргөнү тууралуу күбөлөндүрүп жатат+, бирок анын күбөлөндүрүүсүн эч ким кабыл албай жатат+. 33  Анын күбөлөндүрүүсүн кабыл алган адам болсо Кудайдын чындыкты сүйлөөрүн өзүнүн мөөрү менен ырастайт+. 34  Анткени Кудайдан келген Кудайдын сөздөрүн сүйлөйт+. Кудай болсо рухун ченемсиз берет+. 35  Атасы Уулун жакшы көрөт+, ошондуктан ага бардыгын берген+. 36  Ким Кудайдын Уулуна ишенсе+, түбөлүк өмүргө ээ болот+. Ал эми ким ага баш ийбесе, өмүргө ээ болбойт+; ал Кудайдын каарына калат+.

Шилтемелер

Мт 3:7нин шилт-н кара.
Сөзмө-сөз: «жогорудан төрөлбөсө».
Же: «өзү жалгыз жараткан Уулун».