Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жакан 2:1—25

2  Эки күн өткөндөн кийин, Галилеядагы Каана шаарында+ үйлөнүү тою болду. Исанын энеси+ ошол жерде эле.  Иса да шакирттери менен тойго чакырылды.  Шарап түгөнгөндө, энеси+ Исага: «Шарабы түгөнүп калыптыр»,— деп айтты.  Иса ага: «Эмне кылышымды каалайсың?+ Менин убагым али келе элек»,— деди+.  Ошондо энеси тойдо кызмат кылып жүргөндөргө: «Ал силерге эмне десе, ошону кылгыла»,— деп айтты+.  Жүйүттөрдүн тазалануу эрежелери+ боюнча, ал жерде алты чоң таш кумура турган. Ар бирине болжол менен кырк-алтымыш литр суу батчу.  Иса кызмат кылып жүргөндөргө: «Кумураларга суу толтургула»,— деди. Алар мелт-калт кылып толтурушту.  Андан кийин ал: «Эми бир аз сузуп алып, той башыга алып баргыла»,— деп айтты. Алар алып барышты.  Той башы шарапка айланган суудан+ ооз тийип көрдү, бирок аны кайдан алып келишкенин билген жок. Муну суу сузуп келген кызматчылар гана билишчү. Ошондуктан ал үйлөнүп жаткан жигитти чакырып: 10  «Ким болбосун, адегенде жакшы шарапты берет+, ал эми коноктор кызып калганда, начарыраагын берет. Сен болсо жакшысын ушул убакка чейин сактап коюптурсуң»,— деди. 11  Ошентип, Иса Галилеядагы Каана шаарында биринчи кереметин жасап, өзүнүн даңкын ачык көрсөттү+. Шакирттери ага ишенип калышты. 12  Андан кийин Иса энеси, бир туугандары+ жана шакирттери менен бирге Капернаумга барды+. Бирок ал жерде аз эле күн болушту. 13  Жүйүттөрдүн пасах майрамы+ жакындаганда, Иса Иерусалимге барды+. 14  Ибадатканадан өгүз, кой, көгүчкөн+ саткандарды, акча алмаштырып отургандарды көрдү. 15  Ал аркандан камчы жасап алып, алардын баарын кой, өгүздөрү менен кошо ибадатканадан кууп чыкты да, акча алмаштыргандардын тыйындарын чачып, үстөлдөрүн көңтөрүп салды+. 16  Анан көгүчкөн саткандарга: «Буларыңарды алып кеткиле! Атамдын үйүн+ соодагерлердин үйүнө айландырганыңарды токтоткула!» — деди+. 17  Ошондо шакирттери Ыйык Жазмадагы: «Сенин үйүңө болгон ынтамдан улам ичим өрт болот»,— деген сөздөрдү эстешти+. 18  Жүйүттөр Исага: «Буларды кылганга укугуң бар экенин кандай жышаан менен далилдейсиң?» — дешти+. 19  «Бул ибадаткананы бузгула+, мен аны үч күндүн ичинде кайра тургузам»,— деп жооп берди Иса. 20  Тигилер: «Бул ибадаткана кырк алты жылда курулган. Сен аны үч күндө тургузмакчысыңбы?» — дешти. 21  Иса болсо «ибадаткана»+ деп өзүнүн денесин айткан эле. 22  Кийин ал тирилгенде, шакирттери ушул сөздөрүн эстеп+, анын айткандарына жана Ыйык Жазмада жазылгандарга ишенип калышты. 23  Иса Иерусалимде пасах майрамында жүргөндө+, көптөр ал жасаган кереметтерди көрүп+, анын ысмына ишене башташты+. 24  Бирок Иса аларга ишене берген жок+, анткени алардын баарын жакшы билчү. 25  Ошондой эле адамдын жүрөгүн көрүп тургандыктан+ ал кимдир бирөө жөнүндө башкалардын айтып беришине муктаж эмес эле.

Шилтемелер