Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Еврейлер 8:1—13

8  Биз айтып жаткандардын маңызы мындай: биздин ушундай башкы дин кызматчыбыз бар+. Ал асманда Улуу Кудайдын тактысынын оң жагына отуруп+,  ыйык жайда+, адам баласы эмес+, Жахаба тургузган+ чыныгы чатырда адамдардын пайдасы үчүн кызмат кылат.  Башкы дин кызматчылардын ар бири тартуу берүүгө, курмандык чалууга дайындалат+. Ошондуктан анын да курмандыкка чалууга бир нерсеси болушу керек эле+.  Эгер жерде жүрсө, ал дин кызматчы болмок эмес+, себеби Кудайга Мыйзам боюнча тартуу бере турган башка дин кызматчылар бар.  Бирок алар аткарып жаткан ыйык кызмат асмандагынын чагылдырылышы+ жана көлөкөсү гана+. Муса да чатыр+ тургузар алдында Кудайдан: «Баарын сага тоодо көрсөтүлгөн үлгү боюнча жаса»+,— деген буйрук алган+.  Ал эми Иса азыр алда канча жакшы кызматка ээ, анткени ал — мурдагыдан жакшы убадалардын негизинде+ мыйзамдуу түрдө бекитилген, мурдагыдан жакшы келишимдин+ арачысы+.  Эгер биринчи келишимде кемчилик болбосо, экинчисинин кереги жок болмок+.  Бирок Кудай элдин кемчилигин көрүп, мындай деп жатат: «„Мына, мен Ысрайыл үйү жана Жүйүт үйү менен жаңы келишим түзө турган күндөр келатат“,— дейт Жахаба+.  „Бул келишим алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимдей эмес+. Мен аны ата-бабаларын колунан алып, Мисир жеринен алып чыккан күнү+ түзгөм. Алар келишимимди сактабай коюшкандыктан+, мен да аларга кам көрүүдөн баш тарттым“,— дейт Жахаба»+. 10  «„Ошол күндөрдөн кийин мен Ысрайыл үйү менен мындай келишим түзөм,— дейт Жахаба.— Мыйзамдарымды алардын акылына салып, жүрөгүнө жазам+. Мен алардын Кудайы болом+, алар менин элим болот+. 11  Ошондон кийин эч ким жакынын, эч ким бир тууганын: “Жахабаны таанып-бил!”+ — деп үйрөтпөй калат. Себеби кичинесинен чоңуна чейин баары мени таанып-билишет+. 12  Мен алардын ыймансыз иштерин кечирем+, күнөөлөрүн экинчи эстебейм“»+. 13  «Жаңы келишим» деп айтуу менен ал мурунку келишимдин эскиргенин көрсөтүп жатат+. Ал эми эскирип, мөөнөтү бүткөн келишим жакында жок болгону турат+.

Шилтемелер