Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Еврейлер 7:1—28

7  Ошол Мелкиседек, Салимдин падышасы, Эң Жогорку Кудайдын дин кызматчысы+, падышаларды жеңип келаткан Ыбрайымды тосуп чыгып, ага батасын берген+.  Ошондо Ыбрайым ага бардык нерсесинин ондон бир бөлүгүн берген+. Мелкиседек — атынын котормосуна ылайык, адегенде «Адилдиктин падышасы», андан соң Салимдин+ падышасы, башкача айтканда, «Тынчтыктын падышасы».  Анын атасы да, энеси да, санжырасы да болгон эмес, өмүрүнүн башы да, аягы да белгисиз+. Бирок Кудайдын Уулуна+ окшоштурулган ал түбөлүккө дин кызматчы бойдон кала берет+.  Көрдүңөрбү, ал кандай улуу болгон. Уруу башчысы Ыбрайым ага эң жакшы олжосунун ондон бир бөлүгүн берген+.  Ооба, Мыйзамга ылайык, дин кызматчылыкка дайындалган+ Леби уулдарына элден+, башкача айтканда, өз бир туугандарынан (алар да Ыбрайымдын тукумунан+ болгонуна карабай) ондук+ чогултуу буйругу берилген.  Бирок Мелкиседек Леби уруусунан+ болбосо да, убадалар берилген+ Ыбрайымдан ондук алып+, ага батасын берген.  Ошентип, жогору турган өзүнөн төмөн турганга батасын бергени талашсыз+.  Биринчи учурда ондукту+ өлө турган адамдар алса, экинчи учурда жашап жатканы күбөлөндүрүлгөн киши+ алган.  Демек, ондук алган Леби да Ыбрайым аркылуу ондук төлөгөн деп айтууга болот. 10  Анткени Мелкиседек Ыбрайымды тосуп чыкканда+, Леби Ыбрайымдын тукуму катары төрөлө элек болчу*+. 11  Эгер элге берилген Мыйзамдын+ мүнөздүү өзгөчөлүгү болгон лебилердин дин кызматчылыгы+ аркылуу жеткилеңдикке жетүү мүмкүн болсо+, анда Арун сыяктуу эмес, Мелкиседек сыяктуу болору айтылган башка дин кызматчынын+ чыгышынын кандай зарылдыгы бар эле?+ 12  Дин кызматчылык алмашылса+, мыйзамды да алмаштыруу керек болот+. 13  Анткени бул жерде сөз болуп жаткан адам Ысрайылдын башка уруусунан болгон+. Ал уруудан эч ким курмандык жайында кызмат кылган эмес+. 14  Мырзабыздын Жүйүт уруусунан чыкканы+ жана Мусанын ал уруу жөнүндө дин кызматчылыкка байланыштуу эч нерсе айтпаганы белгилүү. 15  Бул айтылгандардан Мелкиседекке+ окшогон башка дин кызматчынын+ чыкмактыгы ого бетер айкын көрүнүп турат. 16  Ал денеге көз каранды болгон мыйзам талабы+ боюнча эмес, кыйратылгыс өмүрдүн+ күчү боюнча дин кызматчы болуп калган. 17  Анткени ал жөнүндө: «Сен түбөлүккө Мелкиседек сыяктуу дин кызматчысың»,— деп күбөлөндүрүлгөн+. 18  Ошондуктан мурунку осуят күчүн жоготуп+, жараксыз болуп калганынан улам жокко чыгарылат+. 19  Себеби Мыйзам эч нерсени жеткилең кылган жок+, ал эми мурдагыдан жакшы үмүт+ жеткилең кылды; ал үмүт аркылуу биз Кудайга жакындайбыз+. 20  Бул антсыз болбогондой эле, 21  (анткени антсыз дин кызматчы болгондор бар, бирок ант боюнча дин кызматчы болгон да бар. Ал өзү жөнүндө: «„Сен түбөлүккө дин кызматчысың“+,— деп Жахаба ант берди+; бул үчүн ал өкүнбөйт»,— деп айткандын анты боюнча дин кызматчы болгон), 22  Иса да мурдагыдан жакшы келишимдин+ кепилдиги болуп калды. 23  Андан сырткары, көптөр биринен кийин бири дин кызматчы болушкан+, анткени өлүм аларга кызматын улантууга жол берген эмес+. 24  Ал эми Иса түбөлүк жашагандыктан+, анын дин кызматчылыгы башка бирөөгө өтпөйт. 25  Демек, ал өзү аркылуу Кудайга жакындагандарды толугу менен куткара алат, себеби ар убак тирүү болгондуктан алар үчүн арачылык кыла алат+. 26  Бизге так ушундай+: берилгендигин сактаган+, айыпсыз+, арамдалбаган+, күнөөкөрлөрдөн бөлүнгөн+, асмандан да жогорулатылган+ дин кызматчы керек болчу. 27  Мурунку башкы дин кызматчыларга окшоп, ага күн сайын+ адегенде өзүнүн+, андан кийин элдин күнөөлөрү үчүн курмандык чалуунун+ зарылдыгы жок, себеби ал өзүн бир эле жолу+, биротоло курмандыкка берди+. 28  Мыйзам боюнча, башкы дин кызматчы болуп алсыздыктары бар адамдар+ дайындалат+, ал эми Мыйзамдан кийин берилген ант сөзү боюнча+, түбөлүккө жеткилең кылынган+ Уул дайындалат.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «атасынын белинде болчу».