Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Еврейлер 6:1—20

6  Ошондуктан Машаяк жөнүндөгү+ баштапкы окууларды калтырып+, жетилгендикке умтулалы+. Кайрадан пайдубал тургузбайлы+, башкача айтканда, өлүк иштер+ үчүн өкүнүү, Кудайга ишенүү+,  чөмүлтүлүүнүн түрлөрү+, башкалардын үстүнө кол коюу+, өлгөндөрдүн тирилүүсү+ жана түбөлүк сот+ жөнүндөгү окууларды кайра башынан үйрөнгүдөй болбойлу.  Эгер Кудай жол берсе+, жетилгендикке жетебиз.  Бир кезде чындыкты таанып-билген+, асман белегинин даамын таткан+, ыйык рух алган+,  Кудайдын баалуу сөзүнүн жана келечектеги дүйнө түзүлүшүнө+ таандык күчтөрдүн даамын таткан+,  бирок ишенимден четтеп кеткен адамдарды+ кайрадан өкүндүрүү мүмкүн эмес+. Анткени алар Кудайдын Уулун кайрадан устунга кадап, башкалардын алдында маскара кылып жатышат+.  Жамгыр менен көп жолу сугарылып, дыйкандарга түшүмүн берген жерге+ Кудайдын батасы тиет.  Ал эми тикенек менен коко тикен өсүп чыкса, андай жер эч нерсеге жарабай, каргышка калат+ да, акыр-аягы өрттөлөт+.  Ушинтип айтып жатсак да, сүйүктүү бир туугандарым, силердин жакшыраак абалда, куткарыла турган абалда экениңерге бекем ишенебиз. 10  Анткени Кудай силердин ыйыктарга мурун да, азыр да кызмат кылуу менен+ анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү+, эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес. 11  Ар бириңердин ушундай тырышчаактык көрсөтүп, үмүтүңөрдүн+ ишке ашарына аягына чейин+ бекем ишенишиңерди каалайбыз+. 12  Жалкоолонбошуңар үчүн+ жана ишеними менен чыдамдуулугунун аркасында убадаларды алгандардан+ үлгү алышыңар үчүн+ ошенткиле. 13  Ыбрайымга убада берип жатканда+ Кудай, өзүнөн жогору эч ким жок болгондуктан, өзү менен ант берип+: 14  «Сага батамды берип, тукумуңду көбөйтөм»,— деген+. 15  Ыбрайым ал убаданы чыдамкайлык көрсөткөндөн кийин алган+. 16  Адамдар өздөрүнөн жогору турган бирөөнү оозанып ант беришет+, алардын анты мыйзамдуу кепилдик катары+ ар кандай талаш-тартышты токтотот. 17  Анын сыңарындай, Кудай ой-ниетинин өзгөрүлгүс экенин убаданын мурасчыларына+ дагы айкыныраак көрсөтүш үчүн убадасын ант менен бышыктаган+. 18  Кудайдын калп айта албай турганын+ көрсөткөн ушул өзгөрүлгүс эки нерсеси аркылуу биз, баш калкалоочу жайга качып киргендер, алдыбыздагы үмүткө+ бек кармануу үчүн бекемделебиз. 19  Ал үмүт+ жаныбыз үчүн кеме казык сыяктуу ишеничтүү жана бекем. Ал бизди көшөгөнүн ичине алып кирет+. 20  Иса түбөлүккө Мелкиседек сыяктуу башкы дин кызматчы болуп+, ал жакка биз үчүн жол баштоочу катары кирген+.

Шилтемелер