Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Еврейлер 4:1—16

4  Демек, анын бейпилдигине+ кирүүгө байланышкан убада азыр да күчүндө болгондуктан, бир күнү кимдир бирөөбүз татыксыз болуп калбашыбыз үчүн, сак бололу+.  Анткени жакшы кабар, аларга жарыялангандай эле+, бизге да жарыяланды+. Бирок алар баш ийгендердикиндей ишенимге ээ болушпагандыктан+, сөздү угушканы менен+, пайда алышкан эмес+.  Ал эми биз — ишенгендер — бейпилдикке киребиз. Кудайдын иштери дүйнө негизделгенде эле+ аяктаса да+, ал: «Ошондуктан каарым менен: „Алар менин бейпилдигиме+ киришпейт“+,— деп ант бердим»+,— деген.  Ыйык Жазманын бир жеринде жетинчи күн жөнүндө ал: «Кудай бардык иштерин бүтүрүп, жетинчи күнү эс алды»,— деп айткан+.  Анан кайрадан ошол жерде: «Алар менин бейпилдигиме киришпейт»,— деген+.  Ошентип, кээ бирөөлөр бейпилдикке дагы да кириши керек болгондуктан жана жакшы кабарды биринчи уккандар+ тил албастыгынан улам кирбей калышкандыктан+,  ал көп убактан кийин «бүгүн» деп айтуу менен кайрадан белгилүү бир күндү белгилеп жатат. Анткени Дөөтүнүн жогоруда келтирилген забурунда: «Бүгүн анын үнүн укканыңарда+, жүрөгүңөрдү катаалдантпагыла»,— деп айтылган+.  Эгерде Жашыя+ аларды бейпил жайга алып барган болсо+, анда Кудай кийин башка күн жөнүндө сөз кылмак эмес+.  Ошондуктан Кудайдын эли үчүн ишембидегидей бейпилдик дагы эле уланууда+. 10  Кудай өз иштерин бүтүрүп, эс алып жаткандай эле, Кудайдын бейпилдигине+ кирген адам да өз иштеринен эс алат+. 11  Андыктан эч кимибиз тил албастыктын жолуна түшпөшүбүз үчүн+ ошол бейпилдикке кирүүгө колубуздан келишинче аракет кылалы. 12  Себеби Кудайдын сөзү+ тирүү+ жана күчтүү+, кош миздүү ар кандай кылычтан курч+. Ал ичибизге терең кирип, жан+ менен рухту ажыратып, муундар менен сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниеттерди айкын кылат+. 13  Жаратылгандардын бири да Кудайдан жашына албайт+, анын көз алдында баары ачык-айкын. Биз анын алдында жооп беребиз+. 14  Ошондуктан Кудайдын Уулу Иса+ — асманга көтөрүлгөн улуу башкы дин кызматчыбыз+ — бар болгондуктан, ага болгон ишенимибизди тынымсыз жарыялай берели+. 15  Анткени биздин башкы дин кызматчыбыз алсыздыктарыбызды эске албаган, боор ооруй билбеген дин кызматчы эмес+. Ал — биз сыяктуу бардык жагынан сыналган, бирок күнөө кылбаган дин кызматчы+. 16  Ошол себептен, жардамга муктаж болгонубузда+ Кудай бизге ырайымын, кайрымдуулугун көрсөтүшү үчүн, ырайым тактысына сүйлөө эркиндиги менен+ жакындай берели+.

Шилтемелер