Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Еврейлер 3:1—19

3  Ошентип, ыйык бир туугандар, асманга чакырылгандар+, биз элчи+ жана башкы дин кызматчы деп тааныган+ Иса жөнүндө ойлонуп көргүлө.  Муса Кудайдын бүт үйүндө*+ ишенимдүү болгондой эле+, Иса да өзүн ошондой кызматка дайындаган Кудайга ишенимдүү болгон+.  Ошондуктан ал Мусага караганда көбүрөөк даңкталууга татыктуу+, анткени үйгө+ караганда аны курган киши+ көбүрөөк урмат-сыйга ээ.  Ар бир үйдү кимдир бирөө курат, ал эми бардыгын курган — Кудай+.  Муса Кудайдын бүт үйүндө кул+ катары ишенимдүү болгон жана анын кызматы кийин айтыла турган нерселерге байланыштуу күбөлөндүрүү болгон+.  Ал эми Машаяк Кудайдын үйүнүн үстүнөн коюлган Уул+ катары ишенимдүү болгон. Эгерде кайраттуулугубуздан* жазбай, мактанган үмүтүбүзгө аягына чейин бекем кармансак+, биз Анын үйүбүз+.  Андыктан ыйык рух айткандай+: «Бүгүн анын үнүн укканыңарда+,  ата-бабаларыңар чөлдө+ сынаган күнү+ каарын кайнаткан убактагыдай+ жүрөгүңөрдү катаалдантпагыла.  Алар иштеримди кырк жыл бою+ көрүп келишсе да+, мени сынашты. 10  Ошол себептен бул муундан жийиркенип: „Жүрөктөрү дайыма адашып жүрөт+, алар жолдорумду билишпейт“,— дедим+. 11  Ошондуктан каарым менен: „Алар менин бейпилдигиме+ киришпейт“+,— деп ант бердим». 12  Сак болгула, бир туугандар, араңардан кимдир бирөө тирүү Кудайдан алыстап, жүрөгүндө ишенбестик, арамдык пайда болбосун+. 13  Күнөөгө азгырылып, жүрөгүңөр катаалданып кетпеши үчүн+, «бүгүн»+ деп айтууга мүмкүн болуп турганда бири-бириңерди күн сайын кубаттандыргыла+. 14  Башында бекем ишенгенибиздей, акырына чейин бекем ишенсек гана+ Машаяк менен үлүштөш болобуз+. 15  Анткени: «Бүгүн анын үнүн укканыңарда+, ата-бабаларыңар каарын кайнаткан убактагыдай жүрөгүңөрдү катаалдантпагыла»,— деп айтылат+. 16  Анын үнүн угушканына карабай каарын кайнаткандар кимдер эле?+ Муса Мисирден алып чыккандардын баары эмеспи?+ 17  Кудай кимдерден кырк жыл бою жийиркенген?+ Күнөө кылып жүрүп, сөөктөрү чөлдө калгандардан эмеспи?+ 18  Кудай кимдерге анын бейпилдигине кирбей турганын айтып ант берген?+ Ага баш ийбегендерге эмеспи?+ 19  Ошентип, биз алардын ишенбегенинен улам кирбей калганын көрүп турабыз+.

Шилтемелер

Ысрайыл эли айтылып жатат.
Же: «сүйлөө эркиндигибизден».