Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Еврейлер 13:1—25

13  Мындан ары да ортоңордо бир туугандык сүйүү болсун+.  Меймандостук көрсөтүүнү унутпагыла+, анткени меймандостугунан улам кээ бирөөлөр өздөрү билбей периштелерди коноктошкон+.  Түрмөдө отургандарды+, өзүңөр да алар менен түрмөдө отургандай+, эсиңерден чыгарбагыла. Ошондой эле өзүңөр да денеде жашап жүргөндүктөн кордук көрүп жаткандарды унутпагыла+.  Баары никени баалашсын, нике төшөгү булганбасын+, анткени бузуктук же ойноштук кылып жүргөндөрдү Кудай соттойт+.  Колуңарда болгонуна+ ыраазы болуп+, акчаны сүйүүдөн алыс болгула+. Анткени Кудай: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деп айткан+.  Ошондуктан биз: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?»+ — деп кайраттуулук менен айта алабыз+.  Араңарда жетекчиликти колго алгандарды, силерге Кудай сөзүн айткандарды, унутпагыла+. Алардын жүрүм-туруму кандай жемиш берип жатканын байкап, алардыкындай+ ишенимге ээ болгула+.  Иса Машаяк кечээ кандай болсо, бүгүн да ошондой, түбөлүккө ошол бойдон калат+.  Ар кандай жат окуулардын айынан адашып калбагыла+. Жүрөктүн тамак менен эмес+, ырайым+ менен бекемделгени жакшы, анткени тамакка өзгөчө маани бергендер андан пайда табышпайт. 10  Чатырда ыйык кызмат кылгандардын курмандык жайыбыздан бир нерсе жегенге укугу жок+. 11  Башкы дин кызматчы жаныбарлардын канын күнөө курмандыгы катары ыйык жайга алып кирет, эти болсо конуштун сыртында өрттөлөт+. 12  Ошол себептен Иса да каны менен+ элди ыйыкташ үчүн+ шаар дарбазасынын сыртында азап чеккен+. 13  Андыктан ал көргөн кордукту көрүп, ага, конуштун сыртына баралы+. 14  Себеби биздин бул жерде туруктуу шаарыбыз жок+, биз чыдамсыздык менен келечектеги шаарды күтүп жатабыз+. 15  Иса аркылуу дайыма Кудайга мактоо курмандыгын+, башкача айтканда, анын ысмын жарыялаган+ оозубуздун жемишин+ алып келели. 16  Ошондой эле жакшылык кылууну+ жана өзүңөрдөгүнү башкалар менен бөлүшүүнү унутпагыла, анткени ушундай курмандыктар Кудайга жагат+. 17  Араңарда жетекчиликти колго алгандарга тил алып+, баш ийгиле+. Себеби алар силер үчүн жооп бере тургандар катары жаныңарга күндүр-түндүр кам көрүшөт+. Алар үшкүрүнбөй, кубаныч менен кам көрүшү үчүн, баш ийгиле, болбосо өзүңөр эле зыян тартасыңар+. 18  Биз үчүн тиленгиле+, анткени бардык жагынан чынчыл болууну каалагандыктан биз абийирибиздин таза* экенине бекем ишенебиз+. 19  Өзгөчө, силерге тезирээк барышым үчүн тиленип турушуңарды өтүнөм+. 20  Койлордун+ улуу койчусун+, Мырзабыз Исаны, түбөлүк келишимдин+ каны менен тирилткен+ тынчтыктын Кудайы+, 21  өзүнүн эрки аткарылышы үчүн, Иса Машаяк аркылуу биздин арабызда Өзүнө жакканды аткарып, силерди жакшы нерселердин баары менен камсыз кылсын+. Ал түбөлүктөн түбөлүккө даңктала берсин+. Оомийн. 22  Бир туугандар, бул катымда силерге көп жазган жокмун, андыктан ушул бекемдээрлик сөздөрүмдү сабырдуулук менен кабыл алышыңарды өтүнөм+. 23  Ошондой эле бир тууганыбыз Тиметейдин+ түрмөдөн бошотулганын билишиңерди каалайм. Эгер ал жакында келсе, силерди көргөнү барабыз. 24  Араңарда жетекчиликти колго алгандардын+ жана ыйыктардын баарына менден салам айткыла. Италиядагылар+ силерге салам айтып жатышат. 25  Кудай баарыңарга ырайымын төгө берсин+.

Шилтемелер

Же: «чынчыл».