Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Еврейлер 12:1—29

12  Эмесе, ушундай көп күбөлөрдүн*+ курчоосунда болгондуктан биз да оордук келтирген нерселердин баарынан+ жана бизди оңой эле чырмап ала турган күнөөдөн арылып+, алдыбыздагы+ жарыштын+ соңуна туруктуулук менен чыгалы+.  Ишенимибиздин башчысы+ жана аны жеткилең кылуучу+ Исадан көзүбүздү албайлы. Ал алдыда күтүп турган кубанычты ойлоп, шылдың болгонуна карабай жаза устунунда өлгөн+, андан кийин Кудайдын тактысынын оң жагына отурган+.  Чарчап, алдан тайып калбашыңар үчүн+, өздөрүнө эле зыян алып келген күнөөкөрлөрдүн кастык менен айткан сөздөрүнө+ туруктуулук менен чыдаган Иса жөнүндө терең ойлонгула.  Силер күнөө менен болгон күрөштө каныңар төгүлгүчө салгылаша элексиңер+.  Ошондой эле уулдары катары+ силерге берилген төмөнкү насаатты таптакыр унутуп койдуңар: «Уулум, Жахабанын жазасын* четке какпа, ал сени оңдоп-түзөгөндө, көңүлүңдү чөгөрбө+.  Анткени Жахаба кимди сүйсө, ошону жазалайт, кимди уулу катары кабыл алса, ошону сабайт»+.  Кыйынчылыктарга туруктуулук менен чыдагыла, анткени бул тарбияланышыңар үчүн зарыл+. Кудай силерге уулдарындай мамиле кылып жатат+. Атасы жазалабаган уул барбы?+  Баары жазаланат; эгер жазаланбасаңар, анда анын уулдары эмес, никесиз төрөлгөн балдар+ болмоксуңар.  Бизди жердеги аталарыбыз да жазалачу+, биз аларды урматтап-сыйлачубуз. Анда жашашыбыз үчүн биз рухий өмүр берген Атабызга андан бетер баш ийишибиз керек эмеспи?+ 10  Аталарыбыз бизди өздөрү туура көргөндөй кыска эле убакыт жазалашкан+. Кудай болсо биздин пайдабызды көздөп, өзүндөй ыйык болушубуз үчүн жазалайт+. 11  Албетте, учурунда ар бир жаза кубанычтай эмес, кайгыдай сезилет+, бирок кийин ал аркылуу тарбиялангандарга тынчтыктын жемишин+ — адилдикти — берет+. 12  Андыктан алсыраган колуңарды+, күчү кеткен тизеңерди чыңдагыла+. 13  Аксаган бутуңар чыгып кетпеши үчүн, тескерисинче, айыгышы үчүн+, дайыма түз жолдор менен баскыла+. 14  Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга+ жана ыйыкталууга умтулгула+, анткени ыйык болмоюнча эч ким Теңирди көрбөйт+. 15  Эч ким Кудайдын ырайымынан айрылып калбашы үчүн+ жана кандайдыр бир уу тамыр+ өсүп чыгып, зыян келтирбеши, анын айынан көптөр арамдалып калбашы үчүн+, сак болгула. 16  Араңарда бузуктук кылып жүргөндөр да, бир табак тамак үчүн туңгучтугунан баш тарткан Эйсап сыяктуу+ ыйык нерселерди баалабагандар да болбосун+. 17  Өзүңөр билгендей, кийин Эйсап бата алгысы келгенде+ четке кагылган+. Ал көз жашын төгүп+, атасынын чечимин өзгөртүүгө жан талашса да, өзгөртө алган эмес+. 18  Силер колуңарды тийгизе алган жана жалындап күйгөн+ тоого+, кара булутка, коюу караңгылыкка, бороон-чапкынга+, 19  сурнай үнүнө+ же сүйлөгөн үнгө+ жакындаган жоксуңар. Ал үндү уккандар андан башка эч нерсе айтпоону өтүнүшкөн+. 20  Анткени алар: «Тоого жакындаган жаныбар да таш бараңга алынсын»+,— деген буйрукту укканда аябай коркуп калышкан. 21  Ал жерде болгон нерселер ушунчалык үрөй учурарлык болгондуктан, Муса да: «Коркуп, титиреп турам»+,— деп айткан. 22  Силер Сион тоосуна+ жана тирүү Кудайдын шаарына+, асмандагы Иерусалимге+, ошондой эле түмөндөгөн* периштелерге+ жакындадыңар. 23  Ооба, силер бир жерге чогулган периштелерге+, ысымдары асманда жазылган+ туңгучтардын жыйналышына+, баарынын Соту болгон Кудайга+, жеткилеңдикке жеткирилген адил адамдардын+ рухий жашоосуна+, 24  жаңы келишимдин+ арачысы болгон Исага+, ошондой эле Абылдын канынан+ да жакшы сүйлөгөн жана чачыратылган+ канга жакындадыңар. 25  Сүйлөп жатканды укпай коюудан сак болгула+. Анткени Кудайдын эскертүүсүн жер үстүндө жарыялаганды+ укпай койгондор жазаланган болсо, анда биз, асмандан сүйлөп жаткандан+ жүзүбүздү бурсак, жазадан качып кутула алабызбы? 26  Ошол убакта анын үнү жерди титиреткен болсо+, азыр ал: «Жерди гана эмес, асманды да дагы бир жолу солкулдатам»+,— деп убада берип жатат. 27  «Дагы бир жолу» деген сөздөр титиребеген нерселер калышы үчүн+, титиреген нерселер — башка бирөө жасаган нерселер — жок кылынарын+ көрсөтүп турат. 28  Ошондуктан козголбос Падышалыкты+ аларыбызды билгендиктен мындан ары да ырайымга ээ боло берели. Ал аркылуу биз ыйык кызматыбызды Кудайга жаккыдай жол менен жана андан коркуп, аны терең урматтоо менен аткарабыз+. 29  Анткени биздин Кудай — жалмап салуучу от+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «күбөлөрдүн чоң булутунун».
Бул жерде «жаза» деп которулган сөз түп нускада кеңири мааниге ээ. Аны «акыл-насаат, билим, оңдоп-түзөө, үндөө, эскертүү, кеңеш» деп да которууга болот.
Же: «он миңдеген».