Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Еврейлер 11:1—40

11  Ишеним+ — бул үмүттөнгөн нерселерди+ негиз бар болгондуктан күтүү жана көрүнбөгөн нерселердин+ бар экенине айкын далилдерди көрүү.  Байыркы убакта жашагандарга ишенимдин аркасында өздөрүнүн Кудайга жакканы күбөлөндүрүлгөн+.  Ишенимдин аркасында биз дүйнө түзүлүштөрү+ Кудайдын сөзү боюнча жаратылганын+, ошентип, көрүнгөн нерселер көрүнбөгөн нерселерден пайда болгонун билебиз+.  Ишенимдин аркасында Абыл Кудайга Кабылдыкына караганда баалуу курмандык чалган+. Ошол ишеним аркылуу анын адил деп табылганы күбөлөндүрүлгөн+, анткени Кудай анын курмандыктарын кабыл алганын күбөлөндүргөн. Абыл өлсө да, ишеними аркылуу азыркыга чейин сүйлөп жатат+.  Ишенимдин аркасында Энох+ өлүмдү көрбөшү үчүн алынып кеткен. Аны Кудай алып кеткендиктен+, эч жерден табылган эмес. Бирок алынып кетерден мурун ага Кудайга жаккандыгы күбөлөндүрүлгөн+.  Ишеним болбосо+, Кудайга жагуу мүмкүн эмес+, анткени Кудайга жакындагандар анын бар экенине+ жана аны талыкпай издегендерге+ сыйлык берерине+ ишениши керек.  Ишенимдин аркасында Нух+, Кудай ага көрүнө элек нерселер жөнүндө эскерткенде+, Кудайдан коркорун көрсөтүп, үйүндөгүлөрү куткарылышы үчүн, кеме курган+. Ишенимдин аркасында ал дүйнөнү айыптап+, ишенимге негизделген адилдиктин+ мурасчысы болуп калган.  Ишенимдин аркасында Ыбрайым+, Кудай чакырганда, баш ийип, өзү мурастай турган жерди көздөй жөнөгөн. Каякка баратканын билбесе да, ал өз жерин калтырып, жолго чыккан+.  Ишенимдин аркасында ал убадаланган жерде, бөтөн жерде жүргөндөй+, келгин катары жашап, ошол эле убаданын мурасчылары+ болгон Ыскак+ жана Жакып+ менен чатырларда жашаган+. 10  Анткени ал пайдубалы бекем, куруучусу жана жаратуучусу Кудай+ болгон шаарды күтүп жүргөн+. 11  Ишенимдин аркасында Саара да+, жашы өтүп калганына карабай, кош бойлуу болгон*+, себеби ал убада бергенди ишенимдүү деп эсептеген+. 12  Ошентип, бир эле кишиден+, болгондо да, балалуу болуу курагынан өтүп калган*+ кишиден асмандагы жылдыздардай сансыз, деңиз жээгиндеги кумдай көп урпак тараган+. 13  Булардын баары ишенимин сактап өлүшкөн+. Убадалардын аткарылышын көрүшпөсө да+, алар убадаланган нерселерди алыстан гана көрүп кубанышкан+, ошондой эле өздөрүнүн ал жерде убактылуу жашаган бөтөн жерликтер экенин ачык айтышкан+. 14  Ошентип айткандар өздөрү мекендей турган жерди талыкпай издегенин көрсөтүшкөн+. 15  Эгер алар калтырып кеткен жерин+ эстей беришсе, анда ал жакка кайтып баруунун жолун таба алышмак+. 16  Бирок алар андан жакшысына, асманга таандык жайга+, умтулушкандыктан, Кудай алардын Кудайы деп аталуудан уялбайт+; ал аларга шаар даярдап койгон+. 17  Ишенимдин аркасында Ыбрайым сыналган убакта+ Ыскакты курмандыкка чалып койгондой эле болгон. Ооба, убадаларды алганына кубанган ал киши өзүнүн жалгыз уулун курмандыкка чалууга даяр болгон+. 18  Бирок ага: «Сага убадаланган „тукум“ Ыскактан чыгат»,— деп айтылган болчу+. 19  Ыбрайым уулун өлгөндөрдүн арасынан тирилтүүгө Кудайдын кудурети жетет деп ой жүгүрткөн+. Анан уулун каймана мааниде* өлүмдөн кайра алган+. 20  Ишенимдин аркасында Ыскак да Жакып+ менен Эйсапка келечектеги нерселерге байланыштуу батасын берген+. 21  Ишенимдин аркасында Жакып өлөр алдында+ Жусуптун ар бир уулуна батасын берген+, таягына сүйөнүп, Кудайга таазим кылган+. 22  Ишенимдин аркасында Жусуп көз жумар алдында Ысрайыл уулдарынын Мисир жеринен чыгарын айтып+, өзүнүн сөөгүн коюуга байланыштуу көрсөтмө берген+. 23  Ишенимдин аркасында Мусаны ата-энеси, ал төрөлгөндөн кийин, үч ай бою жашырып жүрүшкөн+, анткени баланын татынакай экенин көрүшкөн+. Алар падышанын буйругунан коркушкан эмес+. 24  Ишенимдин аркасында Муса чоңойгондо+ фараондун кызынын уулу деп аталуудан баш тарткан+. 25  Ал күнөөдөн убактылуу ырахат алгандан көрө, Кудайдын эли менен бирге кордук көрүүнү туура көргөн. 26  Сыйлыктан көзүн албагандыктан+ ал майланган катары көргөн кордугун Мисирдин байлыгынан артык байлык деп эсептеген+. 27  Ишенимдин аркасында ал Мисирден кетип калган+, бирок падышанын каарынан корккондуктан кеткен эмес+, анткени Көрүнбөгөндү+ көрүп тургандай туруктуу болгон. 28  Ишенимдин аркасында ал пасахты белгилеп+, Кудайдын периштеси туңгучтарды кырып салбашы үчүн+, эшиктин кашектерине кан чачыраткан+. 29  Ишенимдин аркасында ысрайылдыктар Кызыл деңизден кургак жер менен өткөндөй өтүшкөн+. Ал эми алардын артынан сая түшкөн мисирликтерди деңиз жутуп кеткен+. 30  Ишенимдин аркасында ысрайылдыктар Жерихону жети күн айланып чыккандан кийин, анын дубалдары урап калган+. 31  Ишенимдин аркасында Рахап+, бузулган аял, чалгынчыларды тынчтык менен кабыл алгандыктан баш ийбегендер менен бирге жок кылынган эмес+. 32  Дагы эмне дейин? Гидон+, Барак+, Шымшон+, Иптах+, Дөөтү+, ошондой эле Шемуел+ жана башка пайгамбарлар+ жөнүндө айтууга убактым да жетпейт. 33  Ишеним менен алар падышалыктарды жеңишкен+, адил иштерди кылышкан+, убадаларды алышкан+, арстандардын оозун жабышкан+, 34  оттун күчүн басышкан+, кылычтын мизинен качып кутулушкан+, алсыз болгондо күчкө толушкан+, согушта тайманбас болушкан+, кол салган аскерлерди талкалашкан+. 35  Аялдар өлгөн жакындарын тирилүү аркылуу алышкан+. Башкалары кордук көрүшкөн, анткени жакшыраак тирилүүгө жетиш үчүн, ишениминен баш тартып боштондукка чыгууну каалашкан эмес. 36  Кээ бирлери шылдыңдалып, сабалып сыналышкан, ал гана эмес, аларды чынжырлашкан+, түрмөгө камашкан+, 37  таш бараңга алышкан+, сыноого дуушар кылышкан+, араалашкан, кылычташкан+; алар кой-эчкилердин терисин кийип тентип жүрүшкөн+, жокчулукка+, кыйынчылыкка+, катаал мамилеге кабылышкан+. 38  Дүйнө аларга татыктуу болгон эмес. Алар чөлдөрдө, тоолордо тентип, үңкүрлөр менен чуңкурларда жашынып жүрүшкөн+. 39  Ишенимдин аркасында баары жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болушса да, берилген убаданын аткарылганын көргөн эмес+. 40  Анткени, алар+ жеткилеңдикке бизсиз+ жетпеши үчүн+, Кудай биз үчүн+ жакшыраак нерсени+ караштырып койгон.

Шилтемелер

Же: «боюна тукум бүтүшү үчүн күч алган».
Же: «өлүк деп эсептелген».
Же: «мисал катары».