Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Еврейлер 1:1—14

1  Кудай өткөн замандарда ата-бабаларыбызга пайгамбарлар аркылуу+ көп жолу, ар кандай жолдор менен сүйлөгөн+.  Ал эми ушул күндөрдүн акырында+ бизге Уулу аркылуу сүйлөдү+. Кудай аны бардык нерсенин мурасчысы кылып дайындаган+ жана ал аркылуу дүйнө түзүлүштөрүн жараткан+.  Уулу анын даңкын чагылдырып турат+, ал — Кудайдын табиятынын так көчүрмөсү+. Ал анын кубаттуу сөзү аркылуу бардык нерсени бар кылып турат+. Бизди күнөөлөрүбүздөн тазалагандан+ кийин ал жогору жакта+ Улуу Кудайдын оң жагына отурду+.  Ошондуктан ал периштелерден жогорулатылып+, алардыкынан жогору турган ысымды мурастады+.  Кудай периштелердин кимисине: «Сен менин уулумсуң, бүгүн сага ата болдум»,— деп айткан?+ Же кимиси жөнүндө: «Мен ага ата болом, ал менин уулум болот»,— деген?+  Ал эми Туңгучун кайрадан дүйнөгө* алып келгенде+: «Кудайдын бардык периштелери+ ага таазим кылышсын»,— дейт+.  Ошондой эле периштелер жөнүндө: «Ал периштелерин шамал*, кызматчыларын* жалындаган от кылат»,— дейт+.  Ал эми Уулу жөнүндө мындай дейт: «Кудай — түбөлүктөн түбөлүккө сенин тактың+, Падышалыгыңдын таягы+ — адилеттик таягы+.  Сен адилдикти сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көрдүң. Ошондуктан Кудай, сенин Кудайың, шериктериңе караганда+ сени шаттык майы менен көбүрөөк майлады»+. 10  Ошондой эле: «Сен, Мырзабыз, башында жердин пайдубалын салгансың, асман да сенин колуңан бүткөн+. 11  Алар жок болот, сен болсо дайыма бар болосуң. Баары кийимдей эскирет+. 12  Аларды чапандай, кийимдей ороп таштайсың+; алар алмаштырылат, ал эми сен ошол бойдонсуң, өмүр жылдарың эч качан түгөнбөйт»,— деп айтылат+. 13  Кудай периштелердин кимисине: «Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур»,— деп айткан?+ 14  Алардын баары куткарылууну мурастай тургандарга+ кызмат кылуу үчүн жиберилген ыйык кызмат аткаруучу+ рухтар эмеспи?+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «эл отурукташкан жерге».
Же: «рух».
Же: «адамдардын пайдасы үчүн кызмат кылгандарды».