Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Даниел 7:1—28

7  Даниел Бабыл падышасы Белшатсардын+ биринчи жылында төшөгүндө жатып түш, аян көрдү+. Ал түшүн жазып алды+, көргөндөрүн бүт бойдон баяндады.  Даниел мындай деди: «Түндө мен мындай аян көрдүм: асмандын төрт шамалы+ улуу деңизди толкутуп жатыптыр+.  Деңизден+ бири экинчисине окшобогон+ килейген төрт айбан чыгып келатыптыр+.  Биринчиси арстанга окшош экен+, бүркүттүкүндөй+ канаттары бар экен. Мен карап турганда, анын канаттары жулунду. Айбан жерден көтөрүлүп+, адамга окшоп, эки бутуна тургузулду, ага адамдын жүрөгү берилди+.  Дагы бир айбан, экинчиси, аюуга окшош экен+. Анын бир капталы көтөрүлүп+, үч кабырганы тиштеп туруптур. Ага: „Тур, көп эт же“+,— деп айтылды.  Андан кийин кабыланга окшош дагы бир айбанды көрдүм+. Анын төрт башы+, жонунда куштукундай төрт канаты бар экен. Ага бийлик берилди.  Анан мен түнкү аян аркылуу коркунучтуу, үрөйдү учурган, абдан күчтүү төртүнчү айбанды көрдүм+. Анын чоң темир тиштери бар экен. Ал баарын жеп-жутуп, кыйратып, калганын буттары менен тебелеп жатты. Ал өзүнө чейинки айбандардан айырмаланып турду. Анын он мүйүзү бар экен+.  Мен мүйүздөрдү карап турганда, алардын арасынан анча чоң эмес дагы бир мүйүз чыкты+, анын алдында берки мүйүздөрдүн үчөө жулунду. Ал мүйүздүн адамдын көздөрүнө окшош көздөрү, менменсине сүйлөгөн оозу бар экен+.  Андан ары карап турганымда, тактылар коюлуп+, Күндөрү Байыркы+ тактысына отурду. Анын кийими кардай аппак+, башындагы чачы таза жүндөй экен+. Тактысы оттун жалынындай+, тактынын дөңгөлөктөрү алоолонгон оттой экен+. 10  Анын алдынан оттуу дарыя агып чыгып жатты+. Ага миңдегендер кызмат кылып+, алдында түмөндөгөндөр* турду+. Сот+ отуруп, китептер ачылды. 11  Ошол учурда мен мүйүздүн менменсине сүйлөгөнүн угуп+, андан ары карап турдум. Карап турганымда, айбан өлтүрүлдү, денеси алоолонгон отко ташталып, жок кылынды+. 12  Башка айбандар+ болсо бийликтен ажыратылды, бирок алардын өмүрү белгилүү бир убакытка, мөөнөткө+ чейин узартылды. 13  Анан түндө алган аянымда адам уулуна+ окшош бирөөнүн асман булуттары менен келатканын көрдүм+. Ага Күндөрү Байыркынын+ алдына келүүгө уруксат берилди да, аны Күндөрү Байыркынын алдына алып келишти+. 14  Ага бардык элдер, улуттар, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөр кызмат кылышы үчүн+, ага бийлик+, даңк+, падышалык берилди+. Анын бийлиги — кылымдан кылымга созула турган бийлик, падышалыгы — кыйратылбай турган падышалык+. 15  Ушундан улам мен, Даниел, санаага баттым, алган аяндарым үрөйүмдү учурду+. 16  Мен ошол жерде тургандардын бирине барып, ушунун баарын так түшүндүрүп беришин сурандым+. Ал мага баарын чечмелеп берди: 17  „Килейген айбандардан төртөө болгондуктан+, жерден төрт падыша чыгат+. 18  Бирок падышалыкты Эң Жогорку Кудайдын+ ыйыктары алып+, кылымдар бою, кылымдан кылымга падышалыкка ээ болушат“+. 19  Анан баарынан айырмаланып турган, өтө коркунучтуу, темир тиштүү, жез тырмактуу, баарын жеп-жуткан, кыйраткан, калгандарын буттары менен тебелеген төртүнчү айбан жөнүндө+, 20  анын башындагы он мүйүз жөнүндө+, үч мүйүз түшүп калганда+ чыккан, көздөрү, менменсине сүйлөгөн оозу бар+, берки мүйүздөрдөн чоңураак көрүнгөн мүйүз+ жөнүндө көбүрөөк билгим келди. 21  Андан ары карап турганымда, ошол мүйүз ыйыктар менен согушуп, аларды жеңип жатты+. 22  Ошондо Күндөрү Байыркы+ келип, Эң Жогорку Кудайдын+ ыйыктарынын пайдасына өкүм чыгарды да, ыйыктар падышалыкка ээ боло турган убак келди+. 23  Ал мындай деди: „Төртүнчү айбан жер үстүндө башка падышалыктардан айырмаланган төртүнчү падышалык болорун билдирет. Ал бүт жер жүзүн жеп-жутат, тебелеп-тепсейт, кыйратат+. 24  Он мүйүз болсо ошол падышалыктан он падыша чыгарын билдирет+. Алардан кийин дагы бирөө чыгат, ал беркилерден айырмаланат+ жана үч падышаны басынтат+. 25  Ал Эң Жогорку Кудайга каршы сүйлөйт+, Эң Жогорку Кудайдын ыйыктарын кысымга алат+. Ал мезгилдерди+, мыйзамды+ өзгөртүүнү ойлойт; ыйыктар бир мезгилге, мезгилдерге жана жарым мезгилге анын колуна берилет+. 26  Сот отурду да+, падышаны бийликтен ажыратышты. Ал кыйратылды, биротоло жок кылынды+. 27  Падышалык да, бийлик да, бүт асман астындагы падышалыктардын улуулугу да Эң Жогорку Кудайдын ыйык элине берилди+. Алардын падышалыгы — кылымдан кылымга кала турган падышалык+; бардык бийликтер аларга кызмат кылып, баш иет“+. 28  Уккан-көргөндөрүм ушул жерден аяктайт. Мен, Даниел, өң-алеттен кеттим, ойлорумдан улам аябай үрөйүм учту, бирок ушунун баарын жүрөгүмө сактадым»+.

Шилтемелер

Же: «жүз миллион».