Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Даниел 6:1—28

6  Дарий бүт падышалыкты башкарууга+ 120 сатрап коюуну туура көрдү.  Падыша эч кандай зыян тартпашы үчүн+, алардын үстүнөн үч башчы койду, үчөөнүн бири Даниел эле+. Сатраптар+ аларга бардыгын билдирип турмак.  Даниел өзгөчө рухка ээ болгондуктан+ башчылар менен сатраптардан айырмаланып турчу+. Ошон үчүн падыша аны бардык падышалыктын үстүнөн коюуну ойлоп жүргөн.  Ошол убакта башчылар менен сатраптар Даниелдин падышалыктагы иштеринен кыйкым издей башташты+. Бирок ал ишине кош көңүл карабаган, арамдыкка барбаган ишеничтүү адам болгондуктан, андан кыйкым да, арамдык да таба алышкан жок+.  Ошон үчүн алар: «Даниелдин Кудайынын мыйзамынан кыйкым таппасак+, башка кыйкым таппайбыз»,— дешти.  Ошондо башчылар менен сатраптар падышага тобу менен кирип барып+, мындай дешти: «Оо, Дарий падыша, түбөлүк жашаңыз!+  Оо, падыша, отуз күндүн ичинде ким өзүңүздөн башка бирөөгө же кайсы бир кудайга өтүнүч менен кайрылса, арстандар жаткан орго ташталсын+ деп падыша буйрук чыгарышы үчүн, ошондой тыюу салышы үчүн, падышалыктын бардык башчылары, акимдер, сатраптар, жогорку даражалуу ак сарай кызматчылары жана башкаруучулар өз ара кеңешишти+.  Эмесе, падыша, буйрук чыгарып, кол коюңуз+, ал, мадайлыктар менен персиялыктардын жокко чыгарылгыс мыйзамына ылайык+, өзгөртүлбөсүн»+.  Ошентип, Дарий падыша буйрукка кол коюп, ошондой тыюу салды+. 10  Даниел болсо буйрукка кол коюлганын билер замат үйүнө барды. Анын үстүнкү бөлмөсүндөгү Иерусалим тарапты караган+ терезелери ачык болчу. Ал мурдагыдай эле+ күнүнө үч жолу+ чөгөлөп, Кудайынан тиленип+, аны даңктай берди+. 11  Бир убакта баягы кишилер тобу менен кирип барып, Даниелдин өз Кудайынан тиленип, ырайым кылышын сурап жатканын көрүштү+. 12  Анан алар падышага келип, падышанын буйругу жөнүндө айтып: «Оо, падыша, сиз отуз күндүн ичинде ким өзүңүздөн башка бирөөгө же кайсы бир кудайга өтүнүч менен кайрылса, арстандар жаткан орго ташталсын деген буйрукка кол койгон эмес белеңиз?» — дешти+. «Ооба. Мадайлыктар менен персиялыктардын жокко чыгарылгыс мыйзамына ылайык, ал иш өзгөртүлбөйт»+,— деп жооп берди падыша. 13  Ошондо алар падышага: «Оо, падыша, Жүйүт туткундарынын бири+ Даниел+ сизди да, кол койгон буйругуңузду да тоготпой, күнүнө үч жолу Кудайынан тиленип жатат»,— дешти+. 14  Падыша муну укканда катуу кейиди+. Ал Даниелди аман алып калууну чечип+, күн батканча куткарып калганга аябай аракет кылды. 15  Акыры, баягы кишилер тобу менен кирип келип, падышага: «Падыша, мадайлыктар менен персиялыктардын мыйзамы боюнча, падышанын бекиткен бир да буйругу, салган тыюусу+ өзгөртүлбөй турганын унутпаңыз»,— дешти+. 16  Ошондо, падышанын буйругу боюнча, Даниелди алып келип, арстандар жаткан орго ташташты+. Падыша болсо Даниелге: «Өзүң ар дайым кызмат кылган Кудайың сени куткарып алат»,— деди+. 17  Анан таш алып келип, ордун оозун жаап коюшту. Даниелге чыгарылган өкүм өзгөртүлбөшү үчүн, падыша ташты өзүнүн мөөр шакеги менен, төрөлөрүнүн мөөр шакеги менен бекитти+. 18  Анан падыша ак сарайына барып, түнү бою орозо кармады+; эч кандай күү аспаптын үнүн уккусу келген жок. Анын уйкусу качты+. 19  Эртеси таң заарда падыша ордунан турду да, шашкан бойдон арстандар жаткан орго жөнөдү. 20  Орго жакындаганда аянычтуу үн менен Даниелди чакырып: «Даниел, тирүү Кудайдын кызматчысы, өзүң ар дайым кызмат кылган Кудайың+ сени арстандардан куткара алдыбы?» — деди+. 21  Даниел падышага ошол замат мындай деп жооп берди: «Оо, падыша, түбөлүк жашаңыз! 22  Кудайым+ периштесин жиберип+, арстандардын оозун жаап койгондуктан+, мага зыян келтиришкен жок. Анткени анын алдында эч кандай айыбым жок+, падыша, сиздин да алдыңызда эч жамандык кылганым жок»+. 23  Ошондо падыша аябай сүйүнүп+, Даниелди ордон алып чыгууну буйруду. Даниелди ордон алып чыгышты. Ал өз Кудайына таянгандыктан, эч жери эч нерсе болбоптур+. 24  Падышанын буйругу боюнча, Даниелди айыптаган кишилерди+ алып келип, өзүлөрүн да, уулдарын да, аялдарын да+ орго ыргытышты+. Алар ордун түбүнө түшүп-түшө электе эле, арстандар чапчып алып, сөөктөрүн бычыратып салышты+. 25  Анан Дарий падыша жер жүзүндө жашаган бардык элдерге, улуттарга, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөргө мындай деп жазды+: «Тынчтыгыңар арта берсин!+ 26  Мен мындай буйрук берем+: менин падышалыгымдын бүт аймагында жашагандар Даниелдин Кудайынын алдында титирешсин, андан коркушсун+. Анткени ал — тирүү, түбөлүк бар болуучу Кудай+. Анын падышалыгы+ кыйрагыс+, башкаруусу түбөлүктүү+. 27  Ал сактайт, куткарат+, асман менен жерде керемет-жышаандарды+ көрсөтөт+. Ал Даниелди арстандардын чеңгелинен сактап калды». 28  Ошентип, Дарийдин+ да, персиялык Корештин+ да падышалыгынын тушунда Даниелдин даражасы көтөрүлдү.

Шилтемелер