Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Даниел 5:1—31

5  Белшатсар+ падыша миң төрөсүнө чоң той өткөрүп, миң кишинин алдында шарап ичип отурду+.  Белшатсар шарап ичип алып+, өзү, төрөлөрү, аялдары, токолдору шарап ичиши үчүн+, атасы Небухаданасар Иерусалимдеги ибадатканадан алып чыккан алтын-күмүш идиштерди алып келүүнү буйрук кылды+.  Ошондо Иерусалимдеги ибадатканадан алынган алтын идиштерди алып келишти. Алардан падыша да, төрөлөрү да, аялдары да, токолдору да иче башташты.  Алар шарап ичип, алтындан, күмүштөн, жезден, темирден, жыгачтан, таштан жасалган кудайларын+ даңктап жатышты.  Ошондо адамдын манжалары пайда болуп, падышанын сарайындагы, чыракпаянын тушундагы акталган дубалга жаза баштады+. Падыша жазып жаткан колду көрдү.  Ошондо падышанын өңү кубарып, ойлорунан улам үрөйү учту+, мууну калтырап+, тизелери титиреп чыкты+.  Падыша катуу кыйкырып, көзү ачыктарды, каздимдиктерди, астрологдорду чакыртты+. Анан падыша Бабыл акылмандарына: «Бул жазууну окуп, маанисин чечмелеп берген кишиге кызгылт көк кийим кийгизилет+, мойнуна алтын жасалга тагылат, ал падышалыкта үчүнчү башкаруучу болот»,— деди+.  Ошондо падышанын акылмандарынын баары келди, бирок жазууну падышага окуп да, чечмелеп да бере алышкан жок+.  Ошондуктан Белшатсар падыша катуу коркуп, өң-алеттен кетти. Төрөлөрү да деңдароо болушту+. 10  Падышанын, төрөлөрдүн айткандарын уккан каныша той өтүп жаткан жерге кирип келди. Каныша мындай деди: «Оо, падыша, түбөлүк жашаңыз!+ Ойлоруңуз үрөйүңүздү учурбасын, өңүңүз да кубарбасын. 11  Сиздин падышалыгыңызда ыйык кудайлардын руху бар+ жөндөмдүү бир киши бар. Атаңыздын күндөрүндө ал кишиде кудайлардын акылмандыгындай акылмандык, билгичтик, терең түшүнүк бар экени айкын болгон. Атаңыз Небухаданасар падыша аны сыйкырчылык кылган дин кызматчылардын, көзү ачыктардын, каздимдиктердин, астрологдордун башчысы кылып койгон+ — атаңыз ошенткен, падыша. 12  Падыша өзү Белтешатсар деген ат койгон+ Даниелде түш жорууга+, табышмак жандырууга, чиеленген маселелерди чечүүгө өзгөчө рух, билим, терең түшүнүк бар экени айкын болгон+. Эмесе, маанисин чечмелеп бериши үчүн, ошол Даниелди чакырып келишсин». 13  Ошентип, Даниелди падышага алып келишти. Падыша Даниелге мындай деди: «Менин атам — падыша — Жүйүт жеринен алып келген+ жүйүт туткундарынын арасындагы Даниел деген сенсиңби?+ 14  Угушума караганда, сенде кудайлардын руху+, билгичтик, терең түшүнүк, өзгөчө акылмандык бар экен+. 15  Бул жазууну окуп, чечмелеп беришсин деп, акылмандар менен көзү ачыктарды алдыма алып келишти, бирок алар чечмелей албай коюшту+. 16  Сени сырларды ачып, чиеленген маселелерди чечип бере алат деп уктум+. Эгер бул жазууну окуп, маанисин чечмелеп бере алсаң, сага кызгылт көк кийим кийгизилет, мойнуңа алтын жасалга тагылат, падышалыкта үчүнчү башкаруучу болосуң»+. 17  Ошондо Даниел падышага мындай деп жооп берди: «Белектериңиз өзүңүздө калсын, сыйлыгыңызды да башкаларга бериңиз+. Ошентсе да мен падышага жазууну окуп, маанисин чечмелеп берем+. 18  Оо, падыша, Эң Жогорку Кудай+ атаңыз Небухаданасарга+ падышалык, улуулук, атак-даңк берген+. 19  Ал ага улуулук бергендиктен, бардык элдер, улуттар, ар кайсы тилдерде сүйлөгөндөр андан коркуп титирешчү+. Ал каалаганын өлтүргөн, каалаганын жазалаган, каалаганынын зоболосун көтөргөн, каалаганын басынткан+. 20  Бирок жүрөгү текеберленип, өжөрлөнүп, менменсине баштаганда+, падышалык тактысынан кулатылган, атак-даңкынан ажыратылган+. 21  Ал адамдардын арасынан куулган, жүрөгү жаныбардыкындай болуп, жапайы эшектер менен жашап калган+. Эң Жогорку Кудайдын адамзат падышалыгынын Башкаруучусу экенин, тактыга кимди кааласа, ошону отургузарын түшүнмөйүнчө+, ал букалардай болуп чөп жеген, денеси асман шүүдүрүмү менен сугарылган+. 22  Сиз болсо, анын уулу Белшатсар+, ушунун баарын билсеңиз да+, моюн сунган жоксуз*+. 23  Сиз асман Теңиринин алдында бой көтөрдүңүз+, анын үйүнө таандык идиштерди алдырттыңыз+. Өзүңүз да, төрөлөрүңүз да, аялдарыңыз да, токолдоруңуз да ал идиштерден шарап ичип, эч нерсе көрбөгөн, укпаган, билбеген кудайларды+ — күмүштөн, алтындан, жезден, темирден, жыгачтан жана таштан жасалган кудайларды+ — даңктадыңыз. Ал эми өзүңүздүн демиңиз+, бардык жолдоруңуз колунда турган+ Кудайды даңктаган жоксуз+. 24  Ошон үчүн ал жанагы колду жиберип, ушул жазууну жаздырды+. 25  Мында: „МЕНЕ, МЕНЕ, ТЕКЕЛ жана ПАРСИН“,— деп жазылган*. 26  Мааниси мындай: МЕНЕ — Кудай падышалыгыңыздын күндөрүн санап, аягына чыгарды+. 27  ТЕКЕЛ — сиз таразага тартылып, өтө жеңил* деп табылдыңыз+. 28  ПЕРЕС — падышалыгыңыз бөлүнүп, мадайлыктар менен персиялыктарга берилди»+. 29  Ошондо, Белшатсардын буйругу боюнча, Даниелге кызгылт көк кийим кийгизип, мойнуна алтын жасалга тагышты, аны падышалыктагы үчүнчү башкаруучу деп жарыялашты+. 30  Дал ошол түнү каздимдиктердин падышасы Белшатсар өлтүрүлүп+, 31  алтымыш эки жаштардагы мадайлык Дарий+ падышалыкка келди.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жүрөгүңүздү момун кылган жоксуз».
Сөзмө-сөз: «Бир мина, бир мина, бир шекел жана жарым шекел». Арамейче мене мене текел уфарсин. Уфарсинперес (жарым шекел) деген сөздүн көптүк түрү.
Же: «кемиген».