Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Галатиялыктар 1:1—24

1  Адамдар тарабынан да эмес, адам аркылуу да эмес, Иса Машаяк+ жана аны тирилткен+ Кудай Атабыз тарабынан+ элчи болуп дайындалган+ Пабылдан+,  ошондой эле жанымдагы бир туугандардын+ баарынан Галатиядагы жыйналыштарга+:  Кудай Атабыздын жана Мырзабыз Иса Машаяктын ырайымы, тынчтыгы силер менен болсун+.  Кудай Атабыздын эрки боюнча+, бизди азыркы каардуу дүйнө түзүлүшүнөн куткарыш үчүн+ Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн өз өмүрүн берген+.  Кудай түбөлүктөн түбөлүккө даңктала берсин+. Оомийн.  Өзүңөрдү Машаяктын ырайымы менен+ чакырган Кудайдан бат эле четтеп+, башка бир жакшы кабарды уга баштаганыңарга таң калам+.  Чынында, ал кабар башка эмес, болгону эле, айрымдар силерге кыйынчылык туудуруп+, Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарды бурмалагысы келип жатат+.  Арабыздан кимдир бирөө болобу же асмандан келген периште болобу, биз силерге айткандан башка кабарды жакшы кабар катары жарыяласа, ал каргышка калсын+.  Мурун айтканыбыздай эле, азыр да айтамын: ким силер кабыл алгандан башка кабарды жакшы кабар катары жарыяласа+, ал каргышка калсын. 10  Азыр мен адамдарды ынандырууга аракеттенип жатыптырмынбы же Кудайдыбы? Же адамдарга жагууну көздөп жатыптырмынбы?+ Эгер дагы эле адамдарга жагынып жүрсөм+, анда Машаяктын кулу болмок эмесмин+. 11  Бир туугандар, мен жарыялаган жакшы кабардын адамдардан эмес экенин билишиңерди каалайм+. 12  Анткени аны мага берген да, үйрөткөн да адам баласы эмес. Аны мага Иса Машаяк аян аркылуу ачып берген+. 13  Албетте, силер менин жүйүт динин тутуп жүргөнүмдө+ Кудайдын жыйналышын катуу куугунтуктап+, аны жок кылууга аракеттенгенимди+, 14  ошондой эле жүйүт дининде элимдин арасындагы өзүм теңдүүлөрдүн көпчүлүгүнө караганда көбүрөөк ийгиликке жетип+, ата-бабаларымдын салттарын сактоодо+ алда канча ынталуу болгонумду+ уккансыңар. 15  Бирок мени жарык дүйнөгө алып келген жана ырайымы менен+ чакырган+ Кудай, 16  башка элдерге Уулу жөнүндө жакшы кабар жарыялашым үчүн+, Уулун мен аркылуу ачып берүүнү+ ылайык көргөндө, мен адам баласы+ менен кеңешкен эмесмин. 17  Иерусалимге, менден мурун элчи болгондорго+ барбай, Арабияга баргам, анан кайра Дамаскка келгем+. 18  Үч жылдан кийин Кейфага+ жолугуш үчүн Иерусалимге барып+, анын жанында он беш күн болгом. 19  Бирок башка элчилердин бирин да көргөн эмесмин, Мырзабыздын бир тууганы+ Жакыпты+ гана көргөм. 20  Силерге жазып жаткандарымдын жалган эмес экенин Кудай көрүп турат+. 21  Андан кийин Сирия жана Киликия аймактарына баргам+. 22  Бирок Машаяктын Жүйүт жериндеги жыйналыштары мени таанычу эмес. 23  Алар: «Бизди куугунтуктап жүргөн киши+ мурун өзү жок кылууга аракеттенген+ дин жөнүндө жакшы кабар жарыялап жүрөт»,— деген сыяктуу сөздөрдү гана угушкан. 24  Ошентип, алар мен үчүн Кудайды даңктай башташкан+.

Шилтемелер