Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Бийлер 2:1—23

2  Жахабанын периштеси+ Гилгалдан+ Бохимге+ келип, мындай деди: «Мен силерди Мисирден алып чыгып, ата-бабаларыңарга ант берип, убада кылган жерге алып келгем+. Андан сырткары, силерге: „Силер менен түзгөн келишимимди эч качан бузбайм+.  Силер да бул жердин тургундары менен келишим түзбөгүлө+. Алардын курмандык жайларын талкалагыла“,— деп айткам+. Бирок силер мени уккан жоксуңар+. Эмнеге ошенттиңер?+  Ошондуктан мен: „Аларды араңардан кууп чыкпайм, алар силер үчүн тузак болот+, ал эми кудайлары азгырык болот“,— дедим»+.  Жахабанын периштеси бүт Ысрайыл уулдарына ушул сөздөрдү айтканда, эл боздоп ыйлай баштады+.  Ошол себептен ал жерди Бохим* деп аташты. Анан ал жерде Жахабага арнап курмандык чалышты.  Жашыя элди коё бергенде, Ысрайыл уулдары өз үлүшүнө тийген жерди ээлегени кетишти+.  Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Жахабанын Ысрайыл үчүн жасаган улуу иштеринин баарын көргөн жана Жашыя өлгөндөн кийин да жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, ысрайыл эли Жахабага кызмат кылды+.  Жахабанын кызматчысы Нундун уулу Жашыя 110 жашка чыгып көз жумду+.  Анын сөөгүн өзүнүн жерине, Эпрайымдын тоолуу аймагындагы Тимнат-Хереске+, Гааш тоосунун түндүгүнө коюшту+. 10  Ал муундагылардын баары көз жумуп, ата-бабаларына кошулду+. Алардын ордуна Жахабаны да, анын Ысрайыл үчүн жасаган иштерин да билбеген башка муун келди+. 11  Ысрайыл уулдары Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып+, Баалдарга кызмат кыла башташты+. 12  Алар өздөрүн Мисир жеринен алып чыккан Жахабадан, ата-бабаларынын Кудайынан+, баш тартып, башка кудайларды, тегерегиндеги элдердин кудайларын ээрчип кетишти+, аларга таазим кылып, Жахабаны капалантышты+. 13  Ошентип, Жахабадан баш тартып, Баал менен Астарталарга+ кызмат кыла башташты. 14  Ошондуктан Жахабанын Ысрайылга каары кайнап+, аларды талап-тоноочулардын колуна салып берди. Алар ысрайылдыктарды тоной башташты+. Ал Ысрайыл уулдарын тегерегиндеги душмандарынын колуна салып берди*+, ошондуктан алар душмандарына туруштук бере албай калышты+. 15  Каякка барышпасын, Жахаба аларга каршы болуп, Жахаба өзү айткандай, Жахаба ант бергендей+, алардын башына мүшкүл түштү+. Алар өтө оор абалда калышты+. 16  Ошондо Жахаба аларды талап-тоноочулардын колунан куткарыш үчүн+ бийлерди дайындады+. 17  Бирок алар бийлерди да укпай, башка кудайлар+ менен бузуктук кылып+, аларга таазим кыла башташты. Алар ата-бабалары жүргөн жолдон бат эле чыгып кетишти. Ата-бабалары Жахабанын осуяттарын аткарышчу+, алар болсо аткарышкан жок. 18  Жахаба элди жетектеш үчүн бийлерди дайындап+, алардын ар бирин колдоду. Бий башкарып турган убакта Жахаба ысрайыл элин душмандарынан куткарып турду. Анткени Жахаба алардын туш тараптан кысым көрсөткөндөр+ менен эзүүчүлөрдүн айынан онтогонун угуп, аларды аяды+. 19  Бирок бийдин көзү өткөндөн кийин, алар кайра эле өздөрүнүн мурунку жолуна түшүп, башка кудайларга кызмат кылып, аларга табынып, ата-бабаларыныкынан да жаман иштерди кылышты+. Алар өжөрлөнүп, жаман иштерин токтотушкан жок+. 20  Акыр-аягы, Жахаба Ысрайылга каарданып+, мындай деди: «Бул эл ата-бабаларына сактагыла деп буйрук кылган келишимимди бузуп+, тилимди албай койгондуктан+, 21  мен да Жашыя өлгөндөн кийин калган элдердин бирин да алардын арасынан кууп чыкпайм+. 22  Анткени ал элдер аркылуу Ысрайылды, ал ата-бабаларына окшоп, Жахабанын жолу менен жүрөбү же жокпу, сынайм»+. 23  Ошондуктан Жахаба ал элдерди дароо кууп чыкпай, ошол жерде калышына жол берген+. Аларды Жашыянын колуна салып берген эмес.

Шилтемелер

Мааниси: «ыйлагандар».
Сөзмө-сөз: «сатып жиберди».