Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Башталыш 6:1—22

6  Жер бетинде адамдар көбөйүп, алардан кыздар төрөлгөндө+,  чыныгы Кудайдын уулдары*+ ал кыздарга, алардын сулуу экенине көңүл бура башташты+. Анан тандагандарын аялдыкка алышты.  Ошондо Жахаба: «Менин рухум+ адамдарга түбөлүккө чыдай бербейт+, анткени алар, болгону, пенде*+. Ошондуктан алардын 120 жылы гана калды»,— деди+.  Чыныгы Кудайдын уулдары адамдардын кыздарына жакындап, алардан балдар төрөлгөндүктөн, ошол кезде, андан кийин да жерде нефилимдер* жашашкан. Алар байыркы убактагы күчтүү, атагы чыккан кишилер болушкан.  Жахаба жер бетиндеги адамдардын көп жаман иштерди кылып жатканын, алардын жүрөгүндөгү ойлору ар дайым жаман+ экенин көрдү.  Ошондо Жахаба жараткан адамдары үчүн кайгырып*+, жүрөгү ооруду+.  Анан Жахаба: «Жараткан адамдарымды+ жер бетинен жок кылам, адамдарга кошуп үй айбанаттары менен башка жан-жаныбарларды, асманда учкан канаттууларды+ да жок кылам, анткени өзүмдүн жараткандарым үчүн өкүнүп жатам»,— деди+.  Нух болсо Жахабанын көз алдында ырайым тапты.  Нухтун жашоосу жөнүндөгү билдирүү: Нух адил киши болгон+. Замандаштарынан айырмаланып, ал кынтыксыз болгон жана чыныгы Кудайдын жолунда* жүргөн+. 10  Анын Шем, Хам, Жапет+ деген үч уулу болгон. 11  Жер бети зордук-зомбулукка толуп+, чыныгы Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү болуп калды+. 12  Кудай жерге көз чаптырып, анын жийиркеничтүү болуп калганын көрдү+, анткени бүт адамзат жаман жолго түшүп кеткен эле+. 13  Ошондо ал Нухка мындай деди: «Мен бүт адамзатты жок кылууну чечтим+, анткени алардын айынан жер зордук-зомбулукка толуп кетти. Эми аларды жок кылып, жерди ээн калтырам+. 14  Өзүңө гофер* жыгачынан кеме жасап+, ичин бөлүктөргө бөл да, ичи-тышын чайыр+ менен капта. 15  Анын узундугу 300 чыканак+, туурасы 50, бийиктиги 30 чыканак* болсун. 16  Кеменин үстү жагынан бир чыканак калтырып, жарык кирип турушу үчүн терезе* жаса. Эшигин капталынан чыгар+. Кемени үч кабат кылып кур. 17  Мен болсо асман астындагы адамдар менен жан-жаныбарлардын*+ баарын жок кылыш үчүн жер бетине топон суу каптатам+. Жер бетиндегинин бардыгы өмүрүнөн ажырайт+. 18  Ал эми сени менен келишим түзөм. Кемеге сени менен кошо уулдарың, аялың, келиндериң кирсин+. 19  Сени менен бирге тирүү калышы үчүн+, кемеге жан-жаныбарлардын бардык түрүнөн+ түгөй-түгөйү менен, эркек-ургаачы кылып киргиз. 20  Тирүү калышы үчүн+, канаттуулардын, үй айбанаттарынын жана башка жан-жаныбарлардын ар бир түрүнөн+ түгөй-түгөйү менен киргиз. 21  Андан тышкары, тамак-аштын бардык түрүнөн камдап ал+. Ал сага жана жан-жаныбарларга азык болот»+. 22  Нух баарын Кудай айткандай жасады. Ал так ошондой кылды+.

Шилтемелер

Же, Септуагинтанын айрым кол жазмаларына ылайык, «периштелер».
Сөзмө-сөз: «дене».
Мааниси: «башкаларды кулаткандар».
Же: «өкүнүп».
Сөзмө-сөз: «чыныгы Кудай менен».
Чайырлуу дарак, балким, кипарис.
1 чыканак = 44,5 см.
Евр. цохар (чатыр же терезе).
Сөзмө-сөз: «өмүр күчү бар денелердин».