Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Башталыш 39:1—23

39  Ысмайылдын тукумдары+ Жусупту Мисирге алып барышты+. Аны алардын колунан жан сакчылардын башчысы, фараондун ак сарайында кызмат кылган мисирлик Потипар сатып алды+.  Бирок Жахаба Жусуп менен болду. Ошондуктан ал бардык иштеринде ийгиликке жетип+, мисирлик мырзасынын үйүндө ар кандай жоопкерчиликтерге ээ болду.  Мырзасы Жахабанын Жусуп менен экенин, Жахабанын анын бардык иштерине батасын берип жатканын көрдү.  Ошентип, Жусуп мырзасына жагып, ага кызмат кылып калды. Мырзасы аны өзүнүн үйүнө башкаруучу кылып дайындап+, өзүнө таандык нерсенин баарын ага тапшырды.  Ошондон тартып Жахаба Жусуп үчүн мисирлик кишинин үйүнө батасын бере баштады. Жахаба анын үйүндөгү, талаасындагы бардык нерсесине батасын бере баштады+.  Потипар өзүнө таандык болгондун баарын Жусупка тапшырып койду+. Ошондуктан жеген тамагынан башка эч нерседен кам саначу эмес. Арадан убакыт өтүп, Жусуп келишимдүү, сулуу жигит болду.  Ошондо мырзасынын аялынын ага көңүлү түшүп+: «Мени менен жат»,— дей баштады+.  Бирок Жусуп макул болбой+: «Мен барда, мырзам үйүндөгү эч нерсесинен кам санабайт, ал баарын мага тапшырган+.  Бул үйдө менден жогору турган эч ким жок. Мырзам мага сизден башка эч нерсеге тыюу салган эмес, анткени сиз анын аялысыз+. Анан кантип мен ушундай жаман ишке барып, Кудайга каршы күнөө кылайын?» — деди+. 10  Аял Жусупка күн сайын ошентип жабыша берсе да, ал аны менен жатканга, аны менен бирге болгонго макул болгон жок+. 11  Бир күнү ал, адаттагысындай эле, иштери менен үйгө кирди. Үйдө кызматчылардын эч кимиси жок болчу+. 12  Ошондо аял Жусупту кийиминен тартып+: «Мени менен жат»,— деди+. Бирок Жусуп үйдөн чыга качты, кийими болсо аялдын колунда калып калды+. 13  Жусуп кийимин калтырган бойдон качып чыкканда, аял 14  кызматчыларын чакырды да, аларга: «Карагылачы, күйөөм алып келген бул еврей бизди шылдың кылайын дептир. Ал мени менен жатканы келиптир, бирок мен катуу кыйкырып жибердим+. 15  Менин кыйкырганымды угуп, ал кийимин калтырган бойдон үйдөн качып чыкты»,— деди. 16  Анан Жусуптун кийимин, анын мырзасы үйгө келгенге чейин, өзүнө калтырып койду+. 17  Андан кийин күйөөсүнө: «Сен алып келген еврей кулуң мени шылдың кылайын деп келиптир. 18  Бирок мен кыйкырып жиберсем, ал кийимин калтырган бойдон качып кетти»,— деди+. 19  Жусуптун мырзасы аялынын сөздөрүн, анын: «Кулуң мени ушинтти»,— дегенин укканда, каары кайнап чыкты+. 20  Ошондуктан ал Жусупту падыша каматкан кишилер жаткан түрмөгө каматып койду. Ошентип, Жусуп түрмөгө түшүп калды+. 21  Бирок Жахаба Жусуп менен болуп, ага мээримдүүлүк көрсөтө берди жана түрмө башчысынын көз алдында ырайым таптырды+. 22  Түрмө башчысы камакта жаткандардын баарын Жусуптун колуна тапшырды. Алар, Жусуп эмне десе, ошонун баарын аткарып жатышты+. 23  Жахаба Жусуп менен болгондуктан, түрмө башчысы ага тапшырган нерселеринен кам саначу эмес. Себеби Жусуп эмне иш кылбасын, Жахаба ага батасын берип жатты+.

Шилтемелер