Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Башталыш 25:1—34

25  Ыбрайым дагы аял алды+. Анын аты Кетура эле.  Ал Ыбрайымга Зимран, Жокшан, Медан, Мидиан+, Ишпак, Шуах+ деген уулдарды төрөп берди.  Жокшандан Шеба+ менен Дедан+ төрөлдү. Дедандан Ашурим, Летушим, Леумим төрөлдү.  Мидиандын уулдары: Эпа+, Эпер, Ханох, Абита, Элда+. Булардын баары — Кетуранын уулдары.  Кийинчерээк Ыбрайым колундагысынын баарын Ыскакка берди+.  Ал эми токолдорунун уулдарына белектерди берип+, көзүнүн тирүүсүндө эле аларды уулу Ыскактан бөлүп+, Чыгыш жерине жөнөтүп жиберди+.  Ыбрайым бардыгы болуп 175 жыл жашады.  Ал узак жашап, өмүргө тоюп көз жумуп, ата-бабаларына кошулду+.  Уулдары Ыскак менен Ысмайыл анын сөөгүн Мамренин маңдайындагы, Хеттин тукумдарынан болгон Зохардын уулу Эпрондун талаасындагы Махпела үңкүрүнө коюшту+. 10  Ал талааны Ыбрайым Хет уулдарынан сатып алган болчу. Ошентип, Ыбрайым аялы Саара коюлган жерге коюлду+. 11  Ыбрайым көз жумгандан кийин, Кудай анын уулу Ыскакка батасын берди+. Ал Беир-Лакай-Роинин+ жанында жашады. 12  Ыбрайымдын уулунун, Сааранын күңү мисирлик Ажар+ төрөп берген Ысмайылдын, жашоосу жөнүндөгү билдирүү+. 13  Ысмайылдын уулдарынан алардын уруулары тараган. Анын уулдары булар: тун уулу — Небайот+, андан кийинкилери — Кедар+, Адбел, Мипсам+, 14  Мишма, Дума, Маса, 15  Адат+, Тема+, Жетур, Напиш, Кедма+. 16  Булар — Ысмайылдын уулдары, алардан он эки уруу тараган+. Алардын отурукташкан жерлери, таш дубалдар менен курчалган жайлары+ алардын аты менен аталган. 17  Ысмайыл 137 жыл жашады. Анан көз жумуп, ата-бабаларына кошулду+. 18  Анын тукумдары Мисирдин жанындагы Шурга+ жакын жайгашкан Хабиладан+ Ашурга чейинки аймакта чатырларда жашашты. Алар бардык бир туугандарынын жанына отурукташышты+. 19  Ыбрайымдын уулу Ыскактын жашоосу жөнүндөгү билдирүү+. Ыбрайымдан Ыскак төрөлгөн. 20  Ал Падан-Арамдагы сириялык+ Бетуелдин кызын+, сириялык Лабандын бир тууганы Ребеканы, алганда кырк жашта эле. 21  Ыскак аялы жөнүндө Жахабадан жалындуу тиленчү+, анткени ал төрөбөс болчу+. Жахаба анын өтүнүчүн уккандыктан+, аялы Ребеканын боюна бүттү. 22  Курсагында жаткан балдары тепкилеше баштаганда+, Ребека: «Эгер ушундай боло турган болсо, жашоонун мага эмне кереги бар?» — деп, бул тууралуу Жахабадан сураганы барды+. 23  Жахаба ага: «Курсагыңда+ эки эл жатат, курсагыңдан эки башка эл чыгат+. Бири экинчисинен күчтүү болот+, улуусу кичүүсүнө кызмат кылат»+,— деди. 24  Акыры, ал ай-күнүнө жетип, көз жарды; курсагындагысы эгиз болуп чыкты+. 25  Биринчи болуп кызылы чыкты, анын бүт денеси түктүү кийим кийип алгандай эле+, ошондуктан атын Эйсап* коюшту+. 26  Андан кийин анын бир тууганы чыкты. Ал Эйсаптын согончогун кармай чыкты+, ошондуктан атын Жакып* коюшту+. Алар төрөлгөндө, Ыскак алтымыш жашта эле. 27  Балдар эр жетип чоңоюшту. Эйсап мыкты аңчы болуп+, көбүнчө талаада жүрдү. Жакып болсо көп убактысын чатырларда өткөрчү+. Ал адил киши болчу+. 28  Ыскак Эйсапты көбүрөөк жакшы көрчү, анткени ал жапайы жаныбарлардын этин алып келип турчу. Ребека болсо Жакыпты көбүрөөк жакшы көрчү+. 29  Бир күнү Эйсап талаадан чарчап келди. Жакып жасмыктан тамак бышырып жаткан эле. 30  Эйсап ага: «Мага батыраак кызылдан, тетиги кызылдан жегенге бере салчы, аябай чарчадым!» — деди. Ушундан улам ал Эдом* деген атка конду+. 31  Бирок Жакып: «Адегенде мага туңгучтук укугуңду сат»+,— деди. 32  Эйсап: «Өлөйүн деп араң турам, туңгучтуктан мага эмне пайда?» — деди. 33  Жакып ага: «Адегенде мага ант бер»+,— деди. Эйсап ага ант берип, туңгучтук укугун сатып жиберди+. 34  Ошондо Жакып ага нан, жасмыктан жасалган тамак берди. Эйсап жеп-ичти да+, ордунан туруп кетти. Ошентип, ал өзүнүн туңгучтук укугун баалаган жок+.

Шилтемелер

Мааниси: «түктүү».
Мааниси: «согончоктон кармаган; башканын ордун ээлеген».
Мааниси: «кызыл».