Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аян 9:1—21

9  Бешинчи периште сурнайын+ тартканда, асмандан жерге түшкөн жылдызды+ көрдүм. Ал жылдызга түпсүз туңгуюктун+ ачкычы+ берилди.  Жылдыз түпсүз туңгуюкту ачканда, ичинен чоң мештен түтүн чыккандай+ түтүн чыгып+, күн да, аба да карарып калды+.  Түтүндүн ичинен чегирткелер+ чыгып, жер бетин каптады. Аларга жердеги чаяндардыкындай+ бийлик берилди.  Ошондой эле чекесине Кудайдын мөөрү басылбаган адамдардан башка эч нерсеге: жер бетиндеги өсүмдүккө да, чөпкө да, даракка да зыян келтирбеши керектиги айтылды+.  Чегирткелерге чекесине мөөр басылбагандарды өлтүргөнгө эмес, беш ай кыйнаганга жол берилди+. Алардын кыйнаганы чаян чаккандагыдай эле+.  Ошол күндөрдө адамдар өлүмдү издешет+, бирок таба алышпайт, өлгүсү келет, бирок өлүм алардан качат.  Чегирткелердин сырткы көрүнүшү согушка даярдалган аттардыкындай эле+. Баштарында алтын таажыга окшогон нерселер бар болчу. Жүздөрү адамдыкындай+,  чачтары аялдыкындай+, тиштери арстандыкындай эле+.  Төштөрүндө темир соотко окшогон сооттору бар болчу+, ал эми канаттарынан чыккан дабыш согушка бараткан+ ат арабалардын дабышындай эле+. 10  Куйруктары менен ийнелери чаяндардыкындай эле+. Куйруктарында адамдарды беш ай кыйнаганга бийлиги бар болчу. 11  Алардын падышасы — түпсүз туңгуюктун периштеси+. Анын аты — еврейче Абадон*, грекче Аполион*+. 12  Биринчи кайгы өтүп кетти. Бирок артынан дагы эки кайгы келатат+. 13  Алтынчы периште+ сурнайын тартканда+, Кудайдын алдындагы алтын жыпарзат түтөткүчтүн+ мүйүздөрүнөн чыккан бир үндү уктум+. 14  Ал үн сурнай кармап турган алтынчы периштеге: «Улуу Эфрат* дарыясынын+ боюнда байланып турган+ төрт периштени+ бошот»,— деди. 15  Ошондо ушул саатка, күнгө, айга, жылга даярдалган төрт периште адамдардын үчтөн бир бөлүгүн өлтүрүш үчүн бошотулду. 16  Мен атчан аскерлердин санын уктум: алар эки жүз миллион эле. 17  Аяндагы мен көргөн аттар менен алардын үстүндө отургандар мындай болчу: атчандардын кызыл, көк, сары түстөгү сооту бар эле. Аттардын башы арстандын башындай болуп+, ооздорунан от, түтүн, күкүрт+ чыгып жатты. 18  Алардын оозунан чыккан ушул үч балээден — оттон, түтүндөн жана күкүрттөн — адамдардын үчтөн бир бөлүгү кырылды. 19  Аттардын бийлиги ооздору менен куйруктарында эле. Куйруктары жылан сыяктуу эле+, алардын баштары да бар болчу. Алар ошолору менен зыян келтиришет. 20  Бул балээлерден өлбөй калган адамдар өз колдору менен жасаган иштери үчүн өкүнүшкөн жок+. Алар жиндерге+ жана алтындан, күмүштөн, жезден, таштан, жыгачтан жасалган, көрө да, уга да, баса да албаган+ буркандарга+ сыйынганын токтотушкан жок. 21  Алар киши өлтүрүшкөнү үчүн да+, жиндер менен байланышканы* үчүн да+, бузуктук, уурулук кылышканы үчүн да өкүнүшкөн жок.

Шилтемелер

Мааниси: «кыйроо».
Мааниси: «кыйратуучу».
Евфрат.
Же: «спиритизмге аралашканы».