Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аян 7:1—17

7  Ошондон кийин жердин төрт бурчунда турган төрт периштени+ көрдүм. Жерге, деңизге, ошондой эле эч бир даракка+ эч кандай шамал сокпошу үчүн, алар жердин төрт шамалын+ бекем кармап турушуптур.  Анан күн чыгыштан көтөрүлүп+, тирүү Кудайдын мөөрүн+ алып келаткан башка периштени көрдүм. Ал жер менен деңизге зыян келтириш үчүн бийлик алган төрт периштеге мындай деп кыйкырды:  «Биз Кудайыбыздын кулдарынын чекесине мөөр басканга чейин+, жерге да, деңизге да, дарактарга да зыян келтирбегиле»+.  Анан мен мөөрлөнгөндөрдүн саны 144000+ экенин уктум. Мөөрлөнгөндөр Ысрайыл уулдарынын+ ар бир уруусунан экен+.  Жүйүт+ уруусунан он эки миң мөөрлөнүптүр. Рубейин+ уруусунан он эки миң, Гат+ уруусунан он эки миң,  Ашыр+ уруусунан он эки миң, Напталы+ уруусунан он эки миң, Менаше+ уруусунан он эки миң,  Шымон+ уруусунан он эки миң, Леби+ уруусунан он эки миң, Исахар+ уруусунан он эки миң,  Забулун+ уруусунан он эки миң, Жусуп+ уруусунан он эки миң, Бенжемин+ уруусунан он эки миң мөөрлөнүптүр+.  Андан кийин карап, эч ким санай албаган эбегейсиз көп адамдарды көрдүм+. Ар бир элден+, уруудан, улуттан+ чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн+ ал адамдар тактынын+ жана Козунун алдында узун ак кийим кийип турушуптур+. Колдорунда курма дарагынын бутактары бар экен+. 10  Алар үнүн бийик чыгарып: «Бизди тактыда отурган Кудайыбыз+ менен Козу+ куткарды»+,— деп кыйкырып жатышты. 11  Бардык периштелер+ тактынын, аксакалдардын+ жана төрт периштенин+ тегерегинде турушуптур. Алар тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга таазим кылып+: 12  «Оомийн! Алкыш, даңк, акылмандык, ыраазычылык, урмат, кудурет жана күч+ түбөлүктөн түбөлүккө Кудайыбызга таандык болсун. Оомийн»+,— деп жатышты. 13  Ошондо аксакалдардын+ бири менден: «Узун ак кийим кийген булар+ кимдер? Кайдан келишти?» — деп сурады. 14  Мен ошол замат: «Мырзам, муну сен билесиң да»,— дедим. Ал мындай деди: «Булар — улуу алааматтан+ аман өткөндөр. Булар кийимдерин Козунун канына+ жууп агартышкан+. 15  Ошондуктан Кудайдын тактысынын алдында туруп+, анын ибадатканасында ага күнү-түнү ыйык кызмат кылып жатышат+. Тактыда отурган+ булардын үстүнө чатырын жаят+. 16  Булар мындан ары ачка болушпайт, суусашпайт. Буларды күн куйкалабайт, эч кандай аптап каарыбайт+. 17  Анткени буларды тактынын ортосунда турган Козу+ кайтарып+, өмүр суусунун башаттарына+ алып барат. Кудай булардын көздөрүндөгү бардык жашты аарчыйт»+.

Шилтемелер