Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аян 4:1—11

4  Ошондон кийин өйдө карап, асманда эшик ачылып турганын көрдүм жана мен уккан сурнайдын үнүндөй+ болгон биринчи үндү уктум. Ал мага: «Бул жакка чык+. Мен сага алдыда боло тургандарды көрсөтөм»,— деди+.  Ошол замат мага ыйык рух түшүп, асманда+ такты турганын+ жана анда бирөө отурганын көрдүм+.  Тактыда отургандын көрүнүшү+ яшма ташына+ жана кымбат баалуу кызыл ташка окшош экен. Ал эми тактыны зымырыт ташына+ окшогон асан-үсөн+ курчап туруптур.  Тактынын тегерегинде жыйырма төрт такты бар экен+. Ал тактыларда ак кийим кийген+, баштарында алтын таажысы бар+ жыйырма төрт+ аксакал+ отуруптур.  Тактыдан чагылган чартылдап+, үндөр, күндүн күркүрөгөнү+ угулуп жатты. Ал эми тактынын алдында жети оттуу чырак+ күйүп туруптур. Алар Кудайдын жети рухун билдирет+.  Ошондой эле тактынын алдында хрусталдай болгон, айнек деңизге+ окшош бир нерсе бар экен. Тактынын ортосунда жана тегерегинде алды-арты көзгө толгон төрт периште туруптур+.  Алардын биринчиси арстанга+, экинчиси букачарга+ окшош экен. Үчүнчүсүнүн+ жүзү адамдыкына окшош экен, ал эми төртүнчүсү+ учуп бараткан бүркүткө+ окшош экен.  Төрт периштенин+ ар биринин асты-үстү көзгө толгон+ алтыдан канаты бар экен+. Алар күнү-түнү тынбай: «Мурун да, азыр да бар болгон+ жана келечекте келе турган Кудурети Күчтүү Кудай+ Жахаба ыйык, ыйык, ыйык»,— деп жатышты+.  Ал периштелер тактыда отурганды+, түбөлүктөн түбөлүккө жашаганды+, даңктап, ага урмат көрсөтүп, ыраазычылык билдиришкен сайын+, 10  жыйырма төрт аксакал+ чөк түшүп, тактыда отурганга, түбөлүктөн түбөлүккө жашаганга таазим кылып жатышты+ жана таажыларын тактынын алдына ыргытып: 11  «Кудуреттүү Кудайыбыз+ Жахаба, сен даңкталууга+, урматталууга татыктуусуң+, анткени баарын сен жараткансың+, бардыгы сенин эркиң+ менен жаратылып, бар болуп турат»+,— деп жатышты.

Шилтемелер