Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аян 22:1—21

22  Анан периште мага хрусталдай таза, өмүр суусу+ аккан дарыяны көрсөттү. Ал Кудай менен Козунун+ тактысынан агып чыгып,  шаардын чоң көчөсүнүн ортосунда агып жатыптыр. Дарыянын эки тарабында тең жылына он эки жолу, ай сайын мөмө берген+ өмүр дарактары бар экен+. Алардын жалбырактары элдерди айыктырганга колдонулуп жатты+.  Мындан ары бул шаарда эч кандай каргыш болбойт+. Бул шаарда Кудайдын+ жана Козунун тактысы болот+, Кудайдын кулдары ага ыйык кызмат кылышат+.  Алар анын жүзүн көрүшөт+, чекелеринде анын ысмы жазылуу болот+.  Мындан ары түн болбойт+. Аларга шам чырактын да, күндүн жарыгынын да кереги жок болот, анткени Жахаба Кудай аларга жарык чачып турат+. Алар түбөлүктөн түбөлүккө падышалык кылышат+.  Периште мага: «Бул сөздөр ишенүүгө татыктуу, бул сөздөр чын+. Пайгамбарлар аркылуу+ сүйлөгөн+ Жахаба Кудай жакында боло тургандарды кулдарына көрсөтүш үчүн+ периштесин жиберди.  Мына, мен жакын арада келем+. Ушул түрмөктөгү пайгамбарлык сөздөрдү аткаргандар бактылуу»,— деди+.  Мен, Жакан, ушуларды угуп, ушуларды көрдүм. Ушуларды укканымда жана көргөнүмдө, мага ушунун баарын көрсөткөн периштеге таазим кылыш үчүн анын бут алдына жүзтөмөндөп жыгылдым+.  Бирок ал мага: «Мындай кылба! Мен сага, пайгамбар бир туугандарыңа+ жана ушул түрмөктөгү сөздөрдү аткаргандарга окшогон эле кулмун. Кудайга таазим кыл»,— деди+. 10  Ал мага дагы мындай деди: «Бул түрмөктөгү пайгамбарлык сөздөргө мөөр басып бекитпе, анткени белгиленген убакыт жакындап калды+. 11  Ким адил эмес иштерди кылып жүрсө, адил эмес иштерин кыла берсин+. Ким ыпылас иштерди кылып жүрсө, ыпылас иштерин кыла берсин+. Ал эми ким адил болсо+, адил иштерин кыла берсин. Ким ыйык болсо, мындан ары да ыйык болсун+. 12  „Мына, мен жакын арада келем+. Ар бир адамга иштерине жараша тиешесин бериш үчүн+ сыйлыгым даяр+. 13  Мен Альфамын жана Омегамын+, биринчимин жана акыркымын+, башымын жана аягымын. 14  Өмүр дарактарынын жемишинен жегенге+ жана шаарга дарбазалары+ аркылуу киргенге укук алыш үчүн кийимдерин жуугандар+ бактылуу. 15  Ал эми иттер*+, жиндер менен байланышкандар*+, бузуктук кылгандар+, киши өлтүргүчтөр, бурканга табынгандар жана сөзү менен да, иши менен да жалгандыкты жакшы көргөндөрдүн баары+ шаардын сыртында болот“. 16  „Мен, Иса, жыйналыштардын пайдасы үчүн силерге ушулар тууралуу күбөлөндүрүш үчүн периштемди жибердим. Мен Дөөтүнүн тамырымын+ жана тукумумун+, жаркыраган таңкы жылдызмын“»+. 17  Рух+ менен колукту+: «Кел!» — деп жатышат. Муну уккандардын баары: «Кел!»+ — десин. Ким суусаса, келсин+. Ким кааласа, өмүр суусунан бекер алсын+. 18  «Ушул түрмөктөгү пайгамбарлык сөздөрдү уккандардын ар бирине күбөлөндүрөм: ким бул сөздөргө бир нерсе кошсо+, Кудай ага ушул түрмөктө жазылган балээлерди кошуп берет+. 19  Ким ушул пайгамбарлык жазылган түрмөктөгү сөздөрдөн бир нерсе алып салса, Кудай ушул түрмөктө жазылгандардан анын үлүшүн алып коёт: ага өмүр дарактарынын жемишинен жегенге+, ыйык шаарга+ киргенге жол бербейт. 20  Ушулар тууралуу күбөлөндүрүп жаткан: „Ооба, жакын арада келем“,— дейт»+. «Оомийн! Кел, Мырзам Иса». 21  Мырзабыз Иса Машаяктын ырайымы ыйыктар менен болсун+.

Шилтемелер

Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү иштерди кылгандар.
Же: «спиритизмге аралашкандар».