Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аян 2:1—29

2  Эфестеги+ жыйналыштын периштесине+ мындай деп жаз: оң колуна жети жылдызды кармап+, жети алтын чыракпаянын ортосунда басып жүргөн+ мындай дейт:  „Мен сенин иштериңди, эмгегиңди, туруктуулугуңду, жаман кишилерге чыдай албасыңды, ошондой эле элчи болушпаса да, өздөрүн элчи деп атагандарды+ сынап көрүп+, аларды жалганчы деп тапканыңды билем+.  Сен туруктуулук көрсөтүп жатасың+ жана менин ысмым үчүн көп кыйынчылыктарга чыдап+, алдан тайган жоксуң+.  Бирок сага айта турган нааразычылыгым бар: сен биринчи сүйүүңдү сактаган жоксуң+.  Ошондуктан эмнеден айрылганыңды эстеп, өкүн да+, мурунку иштериңди жаса. Эгер өкүнбөсөң, сага келем да+, чыракпаяңды+ ордунан алып таштайм.  Бирок сенин бир жакшы жагың бар: сен, мага окшоп, Николастын сектасынын+ иштерин жек көрөсүң+.  Кулагы бар адам ыйык рухтун жыйналыштарга эмне деп жатканын уксун+: мен жеңүүчүгө+ Кудайдын бейишиндеги өмүр дарагынын жемишинен жегенге берем“+.  Смирнадагы жыйналыштын периштесине+ мындай деп жаз: өлүк болуп, кайра тирилген+ „Биринчи жана Акыркы“+ мындай дейт:  „Мен сенин кыйынчылыктарыңды жана жакырдыгыңды билем, бирок сен байсың+. Ошондой эле өздөрүн жүйүтпүз дешкендердин акарат сөздөрдү айтып жүрүшкөнүн+ да билем. Бирок, чынында, алар — жүйүт эмес, Шайтандын тобуна киргендер*+. 10  Башыңа түшө турган кыйынчылыктардан коркпо+. Толугу менен сыналышыңар үчүн+ жана он күн кыйналышыңар үчүн+, Ибилис+ айрымдарыңарды түрмөгө каматат. Өмүрүңдүн акырына чейин ишенимдүү бол+, ошондо сага өмүр таажысын берем+. 11  Кулагы бар адам ыйык рухтун+ жыйналыштарга эмне деп жатканын уксун+: жеңүүчү+ экинчи өлүмдөн+ эч кандай зыян тартпайт“. 12  Пергамдагы жыйналыштын периштесине мындай деп жаз: кош миздүү, узун курч кылычы бар+ мындай дейт: 13  „Сенин Шайтандын тактысы турган жерде жашап жатканыңды билем. Ошентсе да менин ысмымды бек тутуп+, силер жакта, Шайтан жашаган жерде, өлтүрүлгөн+ ишенимдүү күбөм+ Антипанын күндөрүндө да мага болгон ишенимиңди бек сактадың+. 14  Бирок сага айта турган бир аз нааразычылыгым бар: сенде Биламдын окууларына кармангандар бар. Билам+ Балакка+ Ысрайыл уулдарын күнөө кылганга — буркандарга багышталган нерселерди жегенге жана бузуктук кылганга+ — азгыруунун жолун үйрөткөн. 15  Сенде ошондой жол менен Николастын сектасынын+ окууларына кармангандар да бар. 16  Андыктан өкүн+. Болбосо сага жакын арада келем да, оозумдан чыгып турган узун кылыч менен+ ошолорго каршы согушам+. 17  Кулагы бар адам ыйык рухтун жыйналыштарга эмне деп жатканын уксун+: жеңүүчүгө+ жашыруун маннадан+ берем жана бетинде жаңы ысым+ жазылган ак таш берем. Ал ысымды аны алгандан башка эч ким билбейт“+. 18  Тиатирадагы+ жыйналыштын периштесине мындай деп жаз: көздөрү оттун жалынындай+, буттары таза жездей+ болгон Кудайдын Уулу+ мындай дейт: 19  „Мен сенин иштериңди, сүйүүңдү+, ишенимиңди, кызматыңды, туруктуулугуңду жана акыркы иштериңдин+ мурунку иштериңен көп экенин билем+. 20  Бирок сага айта турган нааразычылыгым бар: сен өзүн пайгамбар деп атаган Изабелге+ окшогон аялдын иштерине көз жумуп жатасың. Ал менин кулдарымды+ бузуктук кылганга+, буркандарга багышталган нерселерди жегенге+ үйрөтүп+, адаштырып жатат. 21  Мен ага өкүнгөнгө убакыт бердим+, бирок ал бузуктугу үчүн өкүнгүсү келбей жатат+. 22  Ошондуктан аны ооруга чалдыктырып, төшөктөн тургус кылам, ал эми аны менен ойноштук кылып жүргөндөргө, эгер аныкындай иштери үчүн өкүнүшпөсө, улуу алаамат жиберем. 23  Анын балдарын айыккыс ооруга чалдыктырып өлтүрөм. Ошондо бардык жыйналыштар менин бөйрөктөрдү*, жүрөктөрдү изилдөөчү экенимди билишет. Мен ар бириңерге иштериңерге жараша тиешеңерди берем+. 24  Ал эми калгандарыңарга — Тиатирада Изабелдин окуусуна карманбагандардын жана Шайтандын “терең сырлары”+ деп аталган нерселерди үйрөнбөгөндөрдүн баарына — мындай дейм: силерге башка эч кандай жүк артпайм+. 25  Эмнеңер бар болсо, мен келгенге чейин, ошого бекем карманганыңар+ эле жетиштүү. 26  Ким аягына чейин меникиндей иштерди кылып+, жеңүүчү болуп чыкса, ага элдердин үстүнөн бийлик берем+. 27  Атамдан кандай бийлик алсам, ага ошондой бийлик берем. Ошондо ал элдерди темир таяк менен кайтарат+, алар чопо идиштердей талкаланат+. 28  Ошондой эле ага таңкы жылдызды берем+. 29  Кулагы бар адам ыйык рухтун+ жыйналыштарга эмне деп жатканын уксун“+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Шайтандын синагогасы».
Же: «түпкүрдөгү ойлорду».