Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аян 19:1—21

19  Ошондон кийин мен асмандагы эбегейсиз көп периштелердин+ үнүндөй болгон, мындай деген катуу үндү уктум: «Жахты даңктагыла!*+ Куткаруу+, даңк жана күч Кудайыбызга таандык+,  анткени анын өкүмдөрү туура, адил+. Ал өзүнүн бузуктугу менен жер жүзүн бузган улуу сойкуну соттоду, кулдарынын каны үчүн андан өч алды»+.  Анан ошол замат ал үн экинчи жолу: «Жахты даңктагыла!+ Ал шаардын түтүнү түбөлүктөн түбөлүккө көтөрүлүп турат»,— деди+.  Ошондо жыйырма төрт аксакал+ менен төрт периште+ чөк түшүп, тактыда отурган Кудайга+ таазим кылып: «Оомийн! Жахты даңктагыла!» — дешти+.  Ошондой эле тактыдан: «Кудайдын бардык кулдары, андан корккондор, карапайымдар жана жогорку даражалуулар+, Кудайыбызды даңктагыла»+,— деген үн чыкты.  Анан мен эбегейсиз көп периштелердин үнүндөй, суулардын шаркыраганындай, күндүн катуу күркүрөгөнүндөй болгон мындай үндү уктум: «Жахты даңктагыла+, анткени Кудурети Күчтүү Кудайыбыз Жахаба+ падышалык кыла баштады+.  Кубанып-шаттаналы, аны даңктайлы+, анткени Козунун үйлөнөр убагы+ келди+, анын колуктусу өзүн даярдады+.  Ага жогорку сапаттагы зыгыр кездемеден тигилген таза, жаркыраган көйнөк кийгенге уруксат берилди. Жогорку сапаттагы зыгыр кездеме ыйыктардын адил иштерин билдирет»+.  Периште мага: «Жаз: Козунун үйлөнүү тоюна+ чакырылгандар бактылуу»,— деди+. Анан: «Бул сөздөр — Кудайдын чындык сөздөрү»,— деп айтты+. 10  Ошондо мен таазим кылыш үчүн анын бут алдына жүзтөмөндөп жыгылдым+. Бирок ал: «Мындай кылба!+ Мен Иса тууралуу күбөлөндүргөн бир туугандарыңа+ жана сага окшогон эле кулмун. Кудайга таазим кыл+; Иса жөнүндөгү күбөлөндүрүү — пайгамбарлыктардын маңызы»,— деди+. 11  Анан мен ачылган асманды жана ак боз атты көрдүм+. Анын үстүндө отурган Ишенимдүү+ жана Чыныгы+ деп аталат. Ал адилдик менен сот жүргүзүп, адилдик менен согушат+. 12  Анын көздөрү — жалындаган от+. Башында көп таажысы бар+. Ошондой эле анын өзүнөн башка эч ким билбеген, жазылган ысмы бар+. 13  Үстүндөгү сырт кийимине кан чачыраган+, ага «Кудайдын Сөзү»+ деген ысым берилген. 14  Анын артынан ак боз ат минген, жогорку сапаттагы ак, таза зыгыр кездемеден кийим кийген асман аскерлери келатты. 15  Элдерди кырыш үчүн анын оозунан узун курч кылыч чыгып турат+. Ал элдерди темир таяк менен кайтарат+. Ошондой эле Кудурети Күчтүү Кудайдын кайнаган каарынын+ жүзүм сыккычында жүзүм тебелейт+. 16  Анын сырт кийиминде, сан жагында, «падышалардын Падышасы, мырзалардын Мырзасы»+ деген ысым жазылган. 17  Андан тышкары, мен күндүн ортосунда турган периштени көрдүм. Ал катуу кыйкырып, асмандын ортосунда учуп жүргөн канаттуулардын+ баарына: «Бул жакка келгиле, Кудайдын тоюна чогулгула. 18  Падышалардын, аскер башчыларынын, күчтүүлөрдүн+, аттардын, атчандардын+ этин, эркин болобу, кул болобу, карапайым болобу, жогорку даражалуу болобу, баарынын этин жегиле»,—деди+. 19  Анан мен аттын үстүндө отурганга+ жана анын аскерлерине каршы согушканы чогулган+ жырткычты+, жер жүзүнүн падышалары+ менен алардын аскерлерин көрдүм. 20  Ошондо жырткыч+ менен анын алдында жышаандарды көрсөткөн+ жалган пайгамбар+ кармалды. Ал жышаандарды көрсөтүп, жырткычтын белгисин койдургандарды+, анын сөлөкөтүнө сыйынгандарды+ адаштырып жүргөн. Ал экөө тең күкүрт менен күйгөн оттуу көлгө тирүүлөй ыргытылды+. 21  Калгандары болсо аттын үстүндө отургандын+ оозунан чыгып турган узун кылыч+ менен өлтүрүлдү. Алардын этине+ канаттуулардын+ баары тойду+.

Шилтемелер

Же: «Аллилуя!» Кара: 2-тирк.