Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аян 18:1—24

18  Ошондон кийин асмандан түшүп келаткан, зор бийлиги бар+ бир периштени көрдүм. Анын даңкынан жер жүзү жарык боло түштү+.  Ал мындай деп катуу кыйкырды+: «Кулады! Улуу Бабыл кулады+, ал жиндердин турак-жайына, ар кандай таза эмес жийиркеничтүү канаттуулардын жатагына+, ар кандай таза эмес рухка*+ толгон жайга айланды!  Бардык элдер анын бузуктугунун күчтүү каалоосуна толгон шарабына мас болушкан+. Жер жүзүнүн падышалары аны менен бузуктук кылышкан+, дүйнөнүн соодагерлери*+ анын уятсыздык менен топтогон байлыгынын аркасында байышкан»+.  Анан асмандан мындай деген башка үндү уктум: «Элим, анын күнөөлөрүнө ортоктош болуп+, ал кабыла турган балээлерге кабылбашың үчүн, андан чык+.  Анткени анын күнөөлөрү топтолуп отуруп асманга чейин жетти+, Кудай анын мыйзамсыз иштерин эстеди+.  Ал башкаларга кандай кылса, ага да ошондой кылынсын+, ооба, ал кылгандан эки эсе көп кылынсын+. Шарап аралаштырган+ чөйчөгүнө+ ал үчүн эки эсе+ көп даярдап беришсин.  Ал өзүн канчалык даңктап, уятсыздык менен дүнүйө топтоп, бай жашаган болсо, аны ошончолук кыйнап, кайгы тарттырышсын+. Себеби ал өз ичинен: „Мен канышадай болуп тактыда отурам+, жесир эмесмин+. Эч качан кайгы тартпайм“,— деп жатат+.  Ошон үчүн бир күндүн ичинде анын башына балээлер+: өлүм, кайгы, ачарчылык түшөт; ал отко өрттөлөт+, анткени аны соттогон Жахаба Кудай күчтүү+.  Ошондо аны менен бузуктук кылып, уятсыздык менен дүнүйө топтоп, аны менен бирге байлыкка тунуп жашаган жер жүзүнүн падышалары+ ал өрттөнгөндө чыккан түтүндү көрүп+, аны жоктоп ыйлашат+, кайгырганынан төштөрүн ургулашат. 10  Анын кыйналганын көрүп корккондуктан алар алыста туруп+: „Каран күн! Башыңа каран күн түштү, улуу, күчтүү шаар+ Бабыл, анткени сага чыгарылган өкүм бир сааттын ичинде ишке ашты!“+ — дешет. 11  Дүйнөнүн соодагерлери+ да аны жоктоп ыйлашат, кайгырышат+, себеби алардын алып келген буюмдарын сатып алганга эч ким калган жок. 12  Алардын алтынын+, күмүшүн, баалуу таштарын, берметин, жогорку сапаттагы зыгыр кездемелерин, кызгылт көк кездемелерин, жибектерин, кыпкызыл кездемелерин, ошондой эле жыпар жыттуу жыгачтардан, пилдин сөөгүнөн жасалган ар кандай буюмдарын, баалуу жыгачтарын, жезин, темирин, мраморун+, 13  корицасын, Индия татымалын, жыпарзатын, жыпар жыттуу майын, ладанын, шарабын, зайтун майын, жогорку сапаттагы унун, буудайын, малын, койлорун, аттарын, арабаларын, кулдарын, кишилерин+ сатып алганга эч ким калган жок. 14  Ооба, сен жакшы көргөн+ сонун жемиштериң калбай калды, даамдуу, укмуш нерселериңдин баары жок болду, алар эми эч качан табылбайт+. 15  Ушунун баарын алып-сатып, соода жүргүзгөн, аялдын аркасы менен байыган соодагерлер+ анын кыйналганын көрүп корккондуктан алыста туруп ыйлап, кайгырып+, 16  мындай дешет: „Каран күн! Башыңа каран күн түштү, улуу шаар+, жогорку сапаттагы зыгыр кездемеден, кызгылт көк, кыпкызыл түстөгү кездемеден кийим кийип, алтын, бермет+, баалуу таштар менен жасалгаланган улуу шаар, 17  анткени ушундай көп байлыгың бир сааттын ичинде таланып-тонолду!“+ Кеме башкаргандардын, жүргүнчүлөрдүн, кемечилердин+ жана деңиз менен күн көргөндөрдүн+ баары алыста туруп, 18  ал өрттөнгөндө чыккан түтүндү карап: „Ушул улуу шаардай кайсы шаар бар?“+ — деп кыйкырып жатышты. 19  Алар баштарына күл чачып+, ыйлап, кайгырып+: „Каран күн! Башыңа каран күн түштү, улуу шаар! Анткени сен бир сааттын ичинде таланып-тонолдуң+. Деңизде кемеси барлардын баары+ сенин байлыгыңдын аркасында байышкан эле“+,— деп кыйкырып жатышты. 20  Асман, кубан!+ Ыйыктар+, элчилер+ жана пайгамбарлар, силер да кубангыла, анткени Кудай силер үчүн ага өкүм чыгарды!»+ 21  Ошондо бир күчтүү периште чоң тегирмен ташындай+ болгон ташты алып, деңизге ыргытты да+, мындай деди: «Улуу шаар Бабыл ушундай тездик менен кулатылат, аны эч качан таба алышпайт+. 22  Мындан ары сенде арфа чертип ырдагандардын, чоорчулардын, сурнайчылардын жана башка музыканттардын үндөрү угулбайт+. Сенде эч кандай кол өнөрчү болбойт, жаргылчактын үнү угулбайт. 23  Мындан ары сенде чырактын жарыгы жаркырабайт, күйөө менен колуктунун үнү угулбайт+. Себеби соодагерлериң+ дүйнөнүн таасирдүү адамдары+ болгон, ошондой эле сен жиндер менен байланышып*+, бүт элдерди адаштыргансың. 24  Ооба, бул шаардан пайгамбарлардын+, ыйыктардын+ жана жер жүзүндө өлтүрүлгөндөрдүн+ баарынын каны табылган»+.

Шилтемелер

Же: «демге; кабарга».
Же: «жер кезген соодагерлери».
Же: «спиритизмге аралашып».