Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аян 17:1—18

17  Жети чөйчөгү бар жети периштенин+ бири мага келип: «Бери кел, мен сага көп суулардын үстүндө отурган+ улуу сойкунун+ кандай жазага тартыларын көрсөтөм.  Аны менен жер жүзүнүн падышалары бузуктук кылышкан+ жана жер үстүндө жашагандар анын бузуктугунун шарабына мас болушкан»,— деди+.  Периште мени рух аркылуу чөлгө алып барды+. Ал жерден мен Кудайга акарат кылган ысымдарга+ толгон, жети башы+, он мүйүзү бар кыпкызыл жырткычтын+ үстүндө отурган аялды көрдүм.  Аял үстүнө кызгылт көк+ жана кыпкызыл кийим кийип+, алтындан, баалуу таштардан, берметтен+ жасалган жасалгаларды тагынып алыптыр. Колунда жийиркеничтүү нерселерге+, бузуктугунун ыпылас нерселерине+ толгон алтын чөйчөк+ бар экен.  Чекесинде: «Улуу Бабыл, сойкулардын+ жана жердеги жийиркеничтердин+ энеси»,— деген сырдуу+ ысым жазылуу экен.  Аял ыйыктардын, Исанын күбөлөрүнүн+ канына мас экен+. Аялды көрүп, аябай таң калдым+.  Ошондо периште мага мындай деди: «Эмнеге таң калып жатасың? Мен сага аялдын+ жана ал минип отурган жети баштуу, он мүйүздүү жырткычтын+ сырын ачып берем.  Сен көргөн жырткыч+ мурун бар болгон, азыр жок, бирок жакында түпсүз туңгуюктан+ чыгат жана жок кылынат. Анын мурун бар болуп, анан жок болгонун, бирок кайра пайда болгонун көрүп, жерде жашагандар таң калышат. Алардын ысмы дүйнө негизделгенден бери+ өмүр түрмөгүнө жазылбай келет+.  Муну түшүнүш үчүн акыл менен даанышмандык керек+: жети баш+ жети тоону+ билдирет. Аял ошолордун үстүндө отурат. 10  Ошондой эле алар жети падышаны билдирет: бешөө кулаган+, бирөө бар+, бирөө али келе элек+, бирок келгенде аз эле убакыт болушу керек+. 11  Мурун бар болуп, азыр жок болгон жырткыч+ сегизинчи падыша да болуп саналат, бирок ал берки жетөөнөн чыгат жана кыйроого учурайт. 12  Сен көргөн он мүйүз падышалыкты ала элек он падышаны билдирет+. Алар падышалык бийликти жырткыч менен бирге алышат, бирок бир эле саатка алышат. 13  Ой-максаты бир болгондуктан, алар өздөрүнүн күчү менен бийлигин жырткычка беришет+. 14  Алар Козу+ менен согушушат, бирок Козу аларды жеңет+, анткени ал — мырзалардын Мырзасы, падышалардын Падышасы+. Чакырылгандар, тандалгандар жана ишенимдүүлөр аны менен бирге жеңишке ээ болушат»+. 15  Анан периште мага мындай деди: «Сен көргөн жана үстүндө сойку отурган суулар элдерди, сүрмө топторду, улуттарды, тилдерди билдирет+. 16  Сен көргөн он мүйүз+ менен жырткыч+ сойкуну+ жек көрүп, талап-тоношот, жылаңачташат. Анан этин жеп, өзүн өрттөп жиберишет+. 17  Анткени Кудай өзүнүн оюн аткарууну+, башкача айтканда, алардын бир оюн аткарууну — Кудайдын сөздөрү аткарылганга чейин+, өздөрүнүн падышалыгын жырткычка берүүнү+ — жүрөктөрүнө салат. 18  Сен көргөн аял+ жер жүзүндөгү падышалардын үстүнөн падышалык кылган улуу шаарды билдирет»+.

Шилтемелер