Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аян 15:1—8

15  Анан асмандан улуу, кереметтүү башка жышаанды+ — жети периштенин+ жети балээ+ алып келатканын — көрдүм. Ал балээлер — акыркы балээлер, анткени Кудайдын каары+ ошолор менен аяктайт+.  Мен от аралашкан, айнекке окшогон деңизди+ көрдүм, ошондой эле жырткычты, анын сөлөкөтүн+ жана анын ысмын билдирген санды+ жеңип жаткандарды+ көрдүм. Алар айнекке окшогон деңиздин+ жанында турушуптур, колдорунда Кудайдын арфалары бар экен+.  Алар Кудайдын кулу Мусанын ырын+ жана Козунун+ ырын ырдап жатышыптыр: «Кудурети Күчтүү Жахаба Кудай+, сенин иштериң улуу+, кереметтүү. Түбөлүктүктүн Падышасы+, сенин жолдоруң адил+, туура.  Жахаба+, сенден ким коркпойт?+ Ысмыңды ким даңктабайт?+ Анткени берилгендикти бир гана сен сактайсың!+ Бардык элдер келип, сенин алдыңда сыйынышат+, себеби буйруктарыңдын адил экени айкын болду»+.  Ошондон кийин асманда күбөлөндүрүү+ чатырынын+ ыйык жайы ачылганын көрдүм+.  Ыйык жайдан зыгыр буласынан таза, жаркыраган кийим кийип+, көкүрөктөрүн алтын кур менен курчаган жана жети балээ+ алып келаткан жети периште+ чыкты.  Төрт периштенин+ бири ошол жети периштеге түбөлүктөн түбөлүккө жашаган+ Кудайдын каары толтурулган жети алтын чөйчөк берди+.  Ыйык жай Кудайдын даңкы+ менен күчүнөн улам түтүнгө толду. Жети периште алып келаткан жети балээ+ аяктаганга чейин, ыйык жайга эч ким кире алган жок.

Шилтемелер