Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аян 14:1—20

14  Мен карап, Сион тоосунда турган+ Козуну+ көрдүм. Жанында чекелерине анын жана Атасынын ысмы жазылган+ 144 000 туруптур+.  Анан асмандан суулардын шаркыраганындай+, күндүн катуу күркүрөгөнүндөй үндү уктум. Мен уккан үн арфа чертип ырдагандардын үнүндөй экен+.  Алар тактынын, төрт периштенин+ жана аксакалдардын+ алдында жаңы ырдай болгон ырды+ ырдап жатышты+. Аны жерден сатылып алынган+ 144 000ден+ башка эч ким үйрөнө алган жок.  Алар — аялзаты менен булганбагандар+, өздөрүн таза сактагандар*+, Козу кайда барбасын, анын артынан ээрчип жүргөндөр+. Алар адамдардын арасынан Кудай менен Козу үчүн биринчи түшүм катары+ сатылып алынган+.  Алардын оозунан жалган сөз чыкпайт+, алар кемтиксиз+.  Анан мен асмандын ортосунда+ учуп бараткан башка периштени көрдүм. Жер бетинде жашагандарга, бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге жарыялаш үчүн+ анда түбөлүк жакшы кабар бар экен+.  Ал катуу үн менен: «Кудайдан корккула+, аны даңктагыла+, анткени анын сот убактысы келди+. Ошондуктан асман менен жерди, деңиз менен суу башаттарын+ жаратканга+ сыйынгыла»,— деп жатты.  Анын артынан экинчи периште келатты. Ал: «Кулады! Бардык элдерди өзүнүн бузуктугунун күчтүү каалоосуна толгон+ шарабын ичкенге мажбурлаган+ Улуу Бабыл+ кулады!»+ — деп жатты.  Алардын артынан үчүнчү периште келатты. Ал катуу үн менен мындай деди: «Ким жырткыч+ менен анын сөлөкөтүнө+ сыйынса, анын белгисин чекесине же колуна койдурса+, 10  ал да Кудайдын ачуусунун шарабын — анын каарынын чөйчөгүнө+ эч нерсе аралаштырылбай куюлган шарабын — ичет жана ыйык периштелер менен Козунун алдында от менен күкүрттөн+ кыйналат+. 11  Алар кыйналганда чыккан түтүн түбөлүктөн түбөлүккө көтөрүлүп турат+. Жырткыч менен анын сөлөкөтүнө сыйынгандар, анын ысмынын белгисин койдургандар күндүзү да, түнкүсүн да тынымсыз кыйналышат+. 12  Бул жерде Кудайдын осуяттарын аткарган+, Исага болгон ишенимин+ бекем сактаган ыйыктардан туруктуулук талап кылынат»+. 13  Анан асмандан: «Жаз: ушул убактан тартып+ Мырзабыз менен биримдикте+ өлгөндөр бактылуу+. Ооба,— дейт рух,— алар өздөрүнүн эмгегинен эс алышсын, анткени алардын иштери өздөрү менен бирге барат»,— деген үндү уктум. 14  Анан карап, ак булутту көрдүм. Анын үстүндө адам уулуна окшогон бирөө отуруптур+. Башында алтын таажы+, колунда курч орок бар экен. 15  Ибадаткананын ыйык жайынан башка периште чыгып, булуттун үстүндө отурганга катуу үн менен: «Орок салып, оро башта+, анткени жердеги түшүм бышып жетилип+, оруп-жыюу маалы башталды»,— деди+. 16  Ошондо булуттун үстүндө отурган периште колундагы орогу менен жерди орду эле, жердеги түшүм орулуп калды. 17  Анан асмандагы ибадаткананын ыйык жайынан+ дагы бир периште чыкты. Анын да курч орогу бар экен. 18  Дагы бир периште курмандык жайынан чыкты. Анын оттун үстүнөн бийлиги бар экен+. Ал курч орогу бар периштеге: «Курч орогуң менен оруп, жердеги жүзүм сабагынын шиңгилдерин жыйна+, анткени жүзүмдүн мөмөлөрү бышты»,— деп катуу кыйкырды. 19  Ошондо периште+ орогу менен жердеги жүзүмдү кести да+, аны Кудайдын каарынын улуу жүзүм сыккычына ыргытты+. 20  Жүзүм шаардын сыртындагы жүзүм сыккычта тебеленип+, жүзүм сыккычтан кан акты. Кан аттардын+ ооздугуна чейин көтөрүлүп, 300 чакырымдай* аралыкка жайылды+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «кыз бойдон калгандар».
Сөзмө-сөз: «1 600 стадий». Кара: 13-тирк.