Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аян 13:1—18

13  Ажыдаар деңиз жээгиндеги кумдун+ үстүндө турду. Анан мен деңизден+ чыгып келаткан он мүйүздүү+, жети баштуу+ жырткычты+ көрдүм. Анын мүйүздөрүндө он таажы, ал эми баштарында Кудайга акарат кылган+ ысымдар бар экен.  Мен көргөн жырткычтын көрүнүшү кабыландыкындай+, бирок буттары аюунукундай+, оозу арстандыкындай экен+. Ажыдаар+ жырткычка күч, такты, чоң бийлик берди+.  Мен жырткычтын бир башы мууздалгандагыдай оор жарадар экенин көрдүм, бирок анын оор жарааты+ айыгып калды. Ошондо жер жүзүндөгү бүт адамдар жырткычтын артынан суктана ээрчип жөнөдү.  Ажыдаар жырткычка бийлик бергендиктен, адамдар ажыдаарга сыйынышты. Алар: «Жырткычка ким тең келе алат? Аны менен ким салгылаша алат?» — деп, жырткычка да сыйынышты.  Жырткычка Кудайга акарат кылып+, менменсинип сүйлөгөн ооз берилди+, ошондой эле кырк эки ай иш-аракет кылганга бийлик берилди+.  Ошондо ал Кудайга, анын ысмына, турак-жайына, асманда жашагандарга+ акарат кылып сүйлөй баштады+.  Ага ыйыктар менен согушуп, аларды жеңгенге жол берилди+. Ал ар бир уруунун, элдин, тилдин, улуттун үстүнөн бийликке ээ болду+.  Жерде жашагандардын баары ага сыйынышат. Дүйнө негизделгенден бери+, алардын эч биринин ысмы союлган Козунун+ өмүр түрмөгүнө жазылбай келет+.  Кимдин кулагы бар болсо, уксун+. 10  Араңардан ким туткундалышы керек болсо, ал туткундалат+. Ким кылыч менен өлтүрсө, ал өзү да кылыч менен өлтүрүлүшү керек+. Бул ыйыктардан+ туруктуулукту+, ишенимди талап кылат+. 11  Анан мен жерден+ чыгып келаткан башка жырткычты+ көрдүм. Анын козунукундай эки мүйүзү бар экен, бирок ал ажыдаардай сүйлөй баштады+. 12  Ал оор жарааты айыккан биринчи жырткычтын+ көз алдында анын бүт бийлигин колдонуп, жерди жана анда жашагандарды ага сыйынууга мажбурлайт+. 13  Ал улуу жышаандарды көрсөтөт+, атүгүл адамзаттын көз алдында асмандан жерге от түшүрөт. 14  Ал кылычтан жараат алган+, бирок кайра жанданган жырткычтын көз алдында көрсөткөнгө жол берилген жышаандар аркылуу жер бетинде жашагандарды адаштырып, аларга анын сөлөкөтүн жасоону+ буйрук кылат. 15  Ага, жырткычтын сөлөкөтү сүйлөшү үчүн жана өзүнө сыйынбагандардын баарынын өлүмүнө себепкер болушу үчүн, жырткычтын сөлөкөтүнө+ өмүр демин үйлөгөнгө жол берилди. 16  Ал бардык адамдарды: карапайымдарды да, жогорку даражалууларды да, байларды да, жакырларды да, эркин адамдарды да, кулдарды да оң колуна же чекесине белги койдурганга+ мажбурлайт+. 17  Өзүнө жырткычтын ысмын же анын ысмын билдирген санды+ белги катары койдурган адамдардан+ башка эч ким сатып ала албашы же сата албашы үчүн, ушундай кылат. 18  Муну түшүнүш үчүн акылмандык керек: ким даанышман болсо, жырткычтын санын эсептеп алсын, анткени ал — адамдын+ саны. Анын саны — 666+.

Шилтемелер