Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аян 10:1—11

10  Анан мен асмандан түшүп келаткан, булуттарга чулганган+ башка күчтүү периштени+ көрдүм. Анын баш жагында асан-үсөн бар экен. Периштенин жүзү күндөй+, буттары+ оттуу тирөөчтөрдөй экен.  Колунда ачылган чакан түрмөк бар экен. Ал оң бутун деңизге, сол бутун жерге коюп+,  арстан арылдагандай+, катуу кыйкырды. Ошондо жети күн күркүрөөнүн үнү угулду+.  Жети күн күркүрөө сүйлөгөндө, мен жазып алууга камындым. Бирок асмандан: «Жети күн күркүрөөнүн айткандарын мөөр менен бекитип кой+, аларды жазба»,— деген үндү уктум+.  Мен көргөн, деңиз менен жерде турган периште оң колун асманга көтөрүп+,  асман менен андагынын бардыгын, жер менен анын үстүндөгүнүн бардыгын жана деңиз менен анын ичиндегинин бардыгын+ жараткандын+, түбөлүктөн түбөлүккө+ жашагандын+, ысмын оозанып мындай деп ант берди: «Мындан ары создуктурулбайт+.  Жетинчи периште+ сурнайын тартайын деп жаткан+ күндөрдө Кудайдын өз кулдарына, пайгамбарларына, жакшы кабар катары жарыялаган+ ыйык сыры+ аягына чыгат».  Мен асмандан уккан үн+ кайрадан мага кайрылып: «Барып, деңиз менен жерде турган+ периштенин колундагы ачылган түрмөктү ал»,— деди.  Ошондо периштеге барып, ошол чакан түрмөктү сурадым. Ал: «Муну ал да же+. Бул оозуңда балдай таттуу, ал эми ичиңе киргенде ачуу болот»,— деди. 10  Мен периштенин колунан чакан түрмөктү алып, жедим+. Ал оозумда балдай таттуу+, ал эми ичиме киргенде ачуу болду. 11  Ошондо мага: «Сен мындан ары да улуттар, элдер, тилдер жана көптөгөн падышалар жөнүндө пайгамбарлык кылышың керек»,— деп айтылды+.

Шилтемелер