Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 9:1—35

9  Ошондо Аюп мындай деди:  «Туура, ошондой экенин билем. Бирок Кудай менен талашып-тартышкан ажалдуу адам кантип эле ак болуп чыксын?+  Кудай аны менен талашып-тартышкысы келсе+, Адам анын миң суроосунун бирине да жооп бере алмак эмес.  Кудайдын жүрөгү акылдуу, кудурети күчтүү+, Ага ким өжөрлүк менен каршы чыгып, аман кала алат?+  Ал тоолорду жылдырат+, адамдар аны билбей да калышат, Тоолорду каары менен томкорот+.  Жерди солкулдатып, ордунан жылдырат, Ошондо анын түркүктөрү+ титирейт.  Ал күнгө нурун чачпоону буйруйт, Жылдыздарды мөөр басып жашырат+.  Асманды өзү жаят+, Деңиздеги бийик толкундардын үстүнөн басат+.  Ал Аш топ жылдызын, Кесил топ жылдызын, Кима* топ жылдызын+ жана түштүктүн төркү бөлмөлөрүн* жараткан. 10  Анын иштери улуу, акыл жеткис+, Кереметтери эсепсиз+. 11  Мына, ал жаныман өтүп баратат — көргөн жокмун, Узап баратат — тааныган жокмун+. 12  Мына, тартып алып жатат. Ага ким каршылык көрсөтө алат? „Эмне кылып жатасың?“ — деп ким айта алат?+ 13  Кудай өз каарын тыйбайт+, Зулумга+ жардам бергендер Анын алдында тизе бүгөт. 14  Анда мен ага жооп бергенде Ого бетер сөз тандабаймбы!+ 15  Меники туура болсо да, ага жооп бермек эмесмин+. Мага доосу бардан ырайым сурамакмын+. 16  Чакырсам, жооп берет беле?+ Үнүмө кулак саларына ишенбейм. 17  Ал мага алай-дүлөй шамал менен чабуул коюп, Себепсиз эле жараатымды көбөйтүп жатат+. 18  Азабымды арбытып, Демимди+ тарттырбай жатат. 19  Ага күч-кубаттуулардын бири да тең келбейт+; Ким калыс болсо, ал мени чакырсын! 20  Бирок меники туура болсо да, өз тилим айыпка жыкмак, Айыпсыз болсом да, Ал мени арамза деп жарыяламак. 21  Эгер айыпсыз болсом, өз жанымды билмек эмесмин, Жашоодон кечмекмин. 22  Баары бирдей. Ошон үчүн мен: „Ал айыпсызды да, кара өзгөйдү да жок кылат“,— деп жатам+. 23  Эгер сел жүрүп, өлүм алып келсе, Ал айыпсыздардын үмүтсүз абалына күлмөк. 24  Жер кара өзгөйдүн колуна берилди+, Ал соттордун жүзүн жаап жатат. Эгер ал болбосо, анда ким? 25  Күндөрүм жөө күлүктөн тез чуркап+, Жакшылык көрбөй качып баратат. 26  Алар камыш кайыктай, Жем издеген бүркүттөй сызып баратат+. 27  Мен: „Кайгымды унутам+, Жүзүмдү өзгөртүп+, маанайымды жарык кылам“,— десем да, 28  Тарткан азабымдын баарынан корком+; Мени айыпсыз деп жарыялабасыңды билем. 29  Баары бир айыпка жыгылам. Анда эмнеге жанымды бекер эле сабап жатам?+ 30  Кардын суусуна жуунсам да, Колумду шакар менен тазаласам да+, 31  Сен мени аңга түшүрмөксүң, Ошондо кийимим менден жийиркенмек. 32  Ага жооп бергидей, Аны менен соттошкудай, ал мен сыяктуу адам эмес+. 33  Экөөбүздүн ийнибизге колун коюп, Ишибизди териштире турган эч ким жок+. 34  Ал менден таягын тартсын+, Коркунуч туудуруп, үрөйүмдү учурбасын. 35  Андан жалтанбай сүйлөгүдөй болоюн, Анткени мен коркок эмесмин.

Шилтемелер

Болжолу, «Аш» — Чоң Жетиген, «Кесил» — Орион, «Кима» — Букачар топ жылдызындагы Үркөр жылдыз чогулмасы.
Болжолу, Түштүк жарым шарындагы топ жылдыздар.