Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 8:1—22

8  Шуахтын+ тукумунан чыккан Билдат мындай деп жооп берди:  «Дагы качанга чейин ушинтип сүйлөй бересиң?+ Оозуңан чыккан сөздөр долу шамалдай+.  Кудай акыйкаттыкты бурмалайбы+, Кудурети Күчтүү адилдикти бурмалайбы?+  Эгер уулдарың ага каршы күнөө кылган болсо, Аларга өз кылмыштарынын кесепетин тарттырды.  Эгер Кудайды издесең+, Кудурети Күчтүүдөн ырайым кылышын өтүнсөң,  Эгер таза, чынчыл болсоң+, Анда ал сен үчүн ойгонуп, Адилдик өкүм сүргөн турак жайыңды калыбына келтирет.  Башында кемчил болсоң да, Акырында өркөнүң өсөт+.  Мурунку муундан+ сурап көрчү, Көңүлүңдү алардын аталары изилдеген нерселерге бурчу+.  Биз болсо кечээкилер элебиз да+, эчтеке билбейбиз, Анткени жер үстүнөн көлөкө сыяктуу өтүп кетебиз+. 10  Мына ошолор сага баарын айтып берип, үйрөтпөй коёбу? Жүрөктөгү сөздөрүн төкпөй коёбу? 11  Саз болбосо, папирус өсүмдүгү+ өсөбү? Суу болбосо, камыш өсөбү? 12  Ал гүлдөй электе, үзүлө электе, Бардык чөптөрдөн мурда куурап калат+. 13  Кудайды унуткандардын жолу ушундай+, Андан четтеген адамдын үмүтү таш кабат+. 14  Ишеними кыйрайт, Ал жөргөмүштүн үйүнө+ таянат. 15  Үйүнө жөлөнөт, бирок анысы туруштук бербейт, Кармайт, бирок анысы урап калат. 16  Ал күн астында ширелүү, Бутактары бак ичинде жайылып өсөт+. 17  Тамырлары үймөк ташка чырмалат, Ал таштан салынган үйдү көрөт. 18  Бирок аны ордунан жулуп ыргытышса+, Өскөн жери да андан баш тартып: „Мен сени көргөн эмесмин“,— дейт+. 19  Анын жолу ошентип жок болот+, Жерден болсо башкалары өсүп чыгат. 20  Көрдүңбү, Кудай айыпсызды четке какпайт, Күнөөкөрлөрдү колдобойт. 21  Акырында ал ууртуңду күлкүгө, Оозуңду шаңга толтурат. 22  Ал эми сени жек көргөндөр уятка калышат+, Ыймансыздардын чатыры жок болот».

Шилтемелер