Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 7:1—21

7  Ажалдуу адамга жер үстүндө эрксиз эмгек+ берилген эмеспи? Анын күндөрү жалданма жумушчунун күндөрүндөй эмеспи?+  Ал, кулга окшоп, көлөкөнү эңсейт+, Жалданма жумушчуга окшоп, эмгек акысын күтөт+.  Менин энчиме арзыбаган айлар тийди+, Мага азаптуу түндөр+ саналып берилди.  Жатканымда: „Качан турам?“ — дейм+. Түн узакка созулуп, таң аткыча тынчым кетип, кыйналып чыгам.  Бүткөн боюмду курт каптап+, чаң басты+. Терим карттанып, жараларым ырбап кетти+.  Күндөрүм өрмөктөй зыпылдап+, Үмүтсүз аяктап баратат+.  Оо, Кудай, өмүрүмдүн шамал экенин+, Көзүмдүн эми жакшылык көрбөй турганын унутпа.  Мени көрүп жүргөн көз кайра көрбөйт, Көзүңдү мага бурасың — мен жокмун+.  Булут тарап, жок болуп кеткендей эле, Көргө* киргендер кайра чыкпайт+. 10  Ал өз үйүнө кайрылып келбейт, Өз жери аны тааныбай калат+. 11  Андыктан мен унчукпай койбойм, Рухум кыйналып жатканда сүйлөйм, Жаным кейип турганда кайгымды айтам!+ 12  Сен мага сакчы койгудай+, Мен деңиз белем же деңиздеги алп жаныбар белем? 13  „Мени төшөгүм сооротот, Кайгымды жаткан жерим жеңилдетет“,— дегенимде, 14  Түш аркылуу үрөйүмдү учурасың, Көрүнүштөр менен коркутасың. 15  Ошон үчүн жаным демимдин токтошун, Сөөгүмдүн сөпөт болушун каалайт+. 16  Жашоону жек көрөм+; түбөлүк жашабайт болчумун. Мени жайыма кой, анткени көргөн күнүм буу сыяктуу+. 17  Сен тарбияга салгыдай, Жүрөгүңдү бургудай, ажалдуу адам деги ким?+ 18  Эмне үчүн ага күнүгө таң заардан көңүл бурасың, Аны көз ирмем сайын сынайсың?+ 19  Эмнеге менден көзүңдү албайсың+, Шилекейимди жутканга да мүмкүнчүлүк бербейсиң? 20  Адамзатка көз салып турган Кудай+, эгер күнөө кылсам, сага кандай зыян келтирем? Мени өзүңө жүк кылып, артыман эмнеге сая түштүң? 21  Айыбымды кечирип+, Күнөөмө көз жумуп койсоң болбойбу? Мына эми топуракка жатам+; Мени издейсиң, бирок таппайсың».

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.