Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 33:1—33

33  Эми, Аюп, сөзүмө кулак салышыңды, Айткандарымдын бирин калтырбай угушуңду өтүнөм.  Мына, мага сүйлөөгө туура келди. Тилим менен таңдайым+ сүйлөөгө аргасыз болду.  Сөздөрүм жүрөгүмдүн чынчылдыгын көрсөтөт+, Тилим чын ниеттен акыл үйрөтөт+.  Мени Кудайдын руху жараткан+, Кудурети Күчтүүнүн деми жандандырган+.  Эгер жооп бере алсаң, жооп бер, Айтар сөздөрүңдү катарга тизип, даяр тур.  Мына, мен чыныгы Кудайдын көз алдында сендей эле пендемин+, Мен да топурактан калыптангам+.  Сенин жүрөгүңдүн үшүн аларлык эч нерсем жок, Сага оордук келтиргидей да сүйлөбөйм+.  Бирок сен оюңду айттың, Айткандарыңды угуп отурдум.  „Мен тазамын, күнөөм жок+, Акмын, айыпсызмын+. 10  Ал мага каршы чыгыш үчүн эбептен себеп таап, Мени душман көрүп жатат+. 11  Бутума кишен салып+, Ар бир кадамымды аңдып турат“,— дедиң+. 12  Анда эмесе, сага жооп берейин: сеники туура эмес+, Анткени Кудай ажалдуу адамдан алда канча жогору+. 13  Аны менен эмне үчүн таймаштың?+ Бир да сөзүңө жооп бербегени үчүнбү?+ 14  Кудай бир айтат, Анан дагы айтат+, адам көңүл бурбаса да, 15  Эл катуу уйкуга киргенде, Төшөктө үргүлөп жатканда+, Түш аркылуу+, түндө аян аркылуу+ айтат. 16  Ошондо элдин кулагын ачып+, Аларга айткан насаатына мөөр басып, 17  Адамды кылар ишинен артка бурат+, Бой көтөрүүчүлүгүнөн коргойт+. 18  Жанын аңдан+, Өмүрүн жебеден сактайт+. 19  Адамга төшөктө жатып кыйналганы, Сай-сөөгүнүн тынымсыз сыздаганы сабак болот. 20  Ушундай жашоосунан улам жаны нанды, Жакшы көргөн тамагын жерийт+. 21  Эти шылынып, көзгө илинбей калат, Көрүнбөгөн сөөктөрү оркоюп чыгат. 22  Жаны аңга+, Өмүрү киши өлтүргөндөргө жакындайт. 23  Адамга түз жолду көрсөтө турган Өкүл, миңдин бири, Кабарчы бар болсо, 24  Анда Ал ага ырайым кылып: „Аны аңга түшүрбө, куткарып кал!+ Мен кун таптым!+ 25  Анын денеси жаш кезиндегисинен да жаш болсун+, Ал жаштыктын күчүнө толуп турган күндөрүнө кайрылып келсин“,— дейт+. 26  Ал Кудайдан мээрим төгүшүн сурап тиленет да+, Анын жүзүн көрүп, кубана үн салат, Ошондо Ал ажалдуу адамга адилдигин кайрадан көрсөтөт. 27  Ал адам башкалардын алдында мындай деп ырдайт: „Мен күнөөгө батып+, адилеттикти бурмалап келгем, Анткеним, албетте, туура эмес эле. 28  Ал кун төлөп, жанымды аңдан куткарды+, Эми өмүрүмө жарык тиет“. 29  Ушунун баарын Кудай Адамга эки-үч жолу көрсөтөт. 30  Ошентип, анын жанын аңдан оолактатат+, Ага тирүүлөрдүн жарыгын тийгизет+. 31  Көңүл бур, Аюп! Кулак сал! Унчукпа, мен сөзүмдү улайын. 32  Айтар сөзүң болсо, айт, жооп бер. Сүйлө, анткени мени адилдигиң кубантат. 33  Айтар сөзүң жок болсо, мени ук+, Унчукпа, сени акылмандыкка үйрөтөйүн».

Шилтемелер