Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 31:1—40

31  Мен көзүм менен келишим түзгөм+. Анда кызга көз кадоого кантип батынмак элем?+  Жогорудагы Кудайдан кандай үлүш+, Бийиктиктеги Кудурети Күчтүүдөн кандай мурас тиет?  Айыпкерлерди кырсык+, Кыянатчылдарды жамандык күтүп турбайбы?  Ал менин жолдорумду көрүп+, Ар бир кадамымды санап турбайбы?  Эгер жалганчылар менен жүргөн болсом+, Бутум алдоого шашкан болсо+,  Анда Кудай мени так таразага тартат+, Ошондо кынтыксыз жүргөнүмдү көрөт+.  Эгер бутум жолдон чыгып+, Жүрөгүм көзүмдү ээрчип+, Колум арамдалган болсо+,  Анда мен сепкенди башка бирөө жесин+, Урпактарым тукум курут болсун.  Эгер жүрөгүм аялга азгырылган болсо+, Жакынымды эшигинин алдында аңдып жаткан болсом+, 10  Анда аялым башка бирөөнүн жаргылчагын тартсын да, Башка эркектердин койнунда жатсын+. 11  Себеби анткеним уятсыз* жүрүм-турум, Сотто карала турган кылмыш болмок+. 12  Тапканымдын баарын түп-тамыры менен жок кылып, Эчтеке калтырбай жалмап кете турган от болмок+. 13  Мага доосу бар кулума Же күңүмө калыстык кылбаган болсом, 14  Анда Кудай мага каршы чыкканда, эмне кылам? Мени жоопко тартканда, эмне деп жооп берем?+ 15  Мени энемдин ичинде Жараткан аны да жараткан эмеспи+, Экөөбүздү тең жатында калыпка салган Ошол эмеспи? 16  Эгер бей-бечаралардын жыргалын тартып алган болсом+, Жесирдин көзүн жалдыраткан болсом+, 17  Нанымды жетим менен бөлүшпөй, Жалгыз жеген болсом+ 18  (Чындыгында, жаш кезимен бери ага атадай болгом, Энемдин курсагынан чыккандан бери жесирге каралашып келгем), 19  Эгер кийими жоктугунан өлүп баратканды+ Же жамынчысы жок жакырды көргөн болсом, 20  Эгер ал менин козуларымдын жүнүнө+ жылынбаган болсо, Мага батасын бербеген болсо+, 21  Дарбаза алдында+ жетимдин жардамга муктаж экенин көргөнүмдө Колум менен ишарат кылып, аны коркуткан болсом+, 22  Анда далым ийнимен үзүлүп түшүп калсын, Колум кар жилигимен сынып калсын. 23  Мен Кудайдан келе турган кырсыктан коркчумун, Анын улуулугунун+ алдында туруштук бере албайт болчумун. 24  Эгер алтынга таянып, Ага: „Ишенгеним сенсиң!“ — деген болсом+, 25  Мүлкүмдүн ашып-ташыганына+, Колумдун көп тапканына кубанган болсом+, 26  Эгер күндүн жаркырап тийгенин, Керемет айдын калкып баратканын көрүп+, 27  Жүрөгүм тымызын азгырылган болсо+, Аларды аздектеп, колум менен өбүү жолдогон болсом, 28  Анда бул да сотто карала турган кылмышка жатмак, Анткени мен жогорудагы чыныгы Кудайдан баш тартып калмакмын. 29  Эгер мени жек көргөндүн ойрон болгонуна сүйүнгөн болсом+ Же жамандыкка кабылганына шаттанган болсом... 30  Бирок мен анын жанына каргыш тилеген эмесмин+, Тилимдин күнөөгө батышына жол берген эмесмин, 31  Эгер чатырымдагы кишилер: „Анын тамагына тойбогон ким бар?“+ — деп айтышпаган болсо... 32  Бир да келгин көчөдө түнөгөн эмес+, Жолоочуга эшигим дайыма ачык эле. 33  Эгер пенде катары күнөөлөрүмдү жашырып+, Кылмышымды койнума катып койгон болсом, 34  Анда элден коркмокмун Же тууган-уругум жек көрөт деп кооптонмокмун, Үн катмак эмесмин, босогодон сыртка чыкмак эмесмин. 35  Оо, мени бирөө укса кана!+ Кудурети Күчтүү баскан мөөрүмдү карап, жооп берсе кана!+ Мени менен соттошкондун Өзү түрмөк жазса кана! 36  Мен аны ийниме көтөрүп жүрмөкмүн, Башыма кооз таажыдай кийип алмакмын. 37  Баскан кадамымдын санын Ага билдирмекмин+, Жанына жол башчыдай болуп бармакмын. 38  Эгер өз жерим үстүмөн арызданып, жардамга чакырган болсо, Ал эми айдоолорумдун баары боздогон болсо, 39  Эгер анын түшүмүн акысыз жеген болсом+, Ээлери менин айыман онтогон болсо+, 40  Анда буудай ордуна тикен+, Арпа ордуна сасык отоо чөп өсүп чыксын». Аюптун сөзү бүттү.

Шилтемелер

Же: «бузуку».