Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 3:1—26

3  Ошондон кийин Аюп сөз баштап, төрөлгөн күнүн каргай баштады+.  Ал мындай деди:  «Мен төрөлгөн күн да, „Бала бойго бүттү!“ деген түн да курусун+.  Ошол күндү караңгылык каптасын, Кудай аны жогорудан эстебесин, Ага күндүн нуру тийбесин.  Ал күн караңгылык менен коюу түнгө айлансын, Аны кара булут каптасын, Күндү караңгылаткан кубулуштар үрөйүн учурсун+.  Ал түндү караңгылык бассын+, Жыл ичиндеги күндөрдүн арасында ал кубанбасын, Айлардын санына кирбесин.  Ал түн тукумсуз калсын, Күлкүнүн үнүн укпасын+.  Күндү каргагандар, Крокодилди*+ ойготууга даяр тургандар ал түндү каргасын.  Анын таңкы жылдыздары өчсүн, Ал жарыкты күтсүн, бирок жарык тийбесин, Таңдын нурун көрбөсүн. 10  Анткени ал энемдин курсагынын эшигин жапкан эмес+, Кайгыны көзүмдөн жашырган эмес. 11  Эмне үчүн мен жатында жатканда эле өлүп калбадым экен?+ Эмне үчүн энемдин курсагынан чыкканда эле чарчап калбадым экен? 12  Эмнеге мени тизелер, Эмсин деп эмчектер+ күттү экен? 13  Азыр тынч жатмакмын+, Уктап, эс алмакмын+. 14  Жер жүзүнүн падышалары жана кеңешчилери менен+, Өздөрүнө азыр урап жаткан жайларды кургандар менен+, 15  Же алтыны көп төрөлөр менен, Үйлөрүн күмүшкө толтургандар менен жатмакмын. 16  Же билинбей бойдон түшүп калган түйүлдүктөй+, Жарык дүйнөнү көрбөй калган баладай болмокмун+. 17  Ал жакта ыймансыздардын дүрбөлөңү басылат+, Күчтөн тайгандар эс алышат+. 18  Ал жакта түрмөдөгүлөрдүн баары тынчтыкка бөлөнөт, Алар өздөрүн жумушка салгандын+ үнүн угушпайт. 19  Кичинелер менен улуулар ал жакта бирдей болушат+, Кул кожоюнунан бошонот. 20  Эмне үчүн Кудай кыйналганга жарык, Жаны кейигенге өмүр берет?+ 21  Эмне үчүн өлүмдү күткөндөргө өлүм келбейт?+ Алар өлүмдү катылган кенчке караганда көбүрөөк издешсе да, таппай келишет. 22  Коюларга жай тапканына сүйүнүп, Маңдайы жарыла кубанышат. 23  Эмне үчүн Кудай жолун таба албаган кишиге+, Бардык жагынан жолу тосулган кишиге жарык берет?+ 24  Себеби нанымды үшкүрүк менен жейм+, Кыйкырыгым суудай агат+. 25  Эмнеден үрөйүм учса, башыма ошол түштү, Эмнеден корксом, ошого кабылдым+. 26  Бейпил, тынч өмүр сүргөн эмесмин, Жыргаган да эмесмин, эми минтип башыма мүшкүл түшүп отурат».

Шилтемелер

Евр. лебиатан.