Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 26:1—14

26  Буга Аюп мындай деди:  «Алсызга кандай гана жардам бердиң! Каруусу жок колду да куткардың!+  Акылы жокко канчалаган кеңештерди бердиң+, Көптөргө акылмандыкты ачып бердиң!  Деги бул сөздөрдү кимге айттың, Кимдин деми менен сүйлөдүң?  Суулардын жана сууда жашагандардын+ астында Күчсүз өлүктөр калтырашат.  Кудайдын алдында көр* жылаңач+, Кыйроо жайынын жамынчысы жок.  Ал түндүктү боштуктун үстүнө жайган+, Жерди жок нерсеге илип койгон.  Ал сууларды булуттарга оройт+, Булуттар болсо сууларды кармап турат.  Булуттарын тартып, Тактысын жабат+. 10  Ал жарык менен караңгылык чектешкен жерге+, Суулардын үстүнө тегерек сызык чийген. 11  Асман түркүктөрү титирейт, Анын ашкерелегенинен улам таңыркашат. 12  Ал өзүнүн күчү менен деңизди толкутат+, Түшүнүгү менен зулумду*+ талкалайт+. 13  Шамалы менен асманды жалтыратат+, Сойлоп бараткан жыланды колу менен тешет+. 14  Булар Анын жолдорунун чети гана+, Бизге Анын шыбыры эле жетет! Анда Анын кудуретинин жаңырыгын ким түшүнө алат?»+

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сыягы, деңиздеги алп жаныбар.