Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 25:1—6

25  Ошондо Шуахтын тукумунан чыккан Билдат+ мындай деп жооп берди:  «Бийлик да, коркунуч да анын колунда+, Ал асманда тынчтык орнотот.  Анын кошуундарына сан жетеби? Жарыгы кимге тийбейт?  Ажалдуу адам Кудайдын алдында кантип адил болсун+, Же аялдан төрөлгөн киши кантип таза болсун?+  Мына, анын көз алдында ай да жарык эмес, Жылдыздар да таза эмес.  Анда ажалдуу адам эмне болуп калыптыр?! Ал — бар болгону, курт. Адам баласы — бар болгону, сөөлжан!»+

Шилтемелер