Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 22:1—30

22  Ошондо темандык Элипаз мындай деди:  «Адамдан Кудайга эмне пайда+, Түшүнүгү бар кишиден ага кандай пайда бар?  Сенин адил болгонуңан Кудурети Күчтүү ырахат алабы+, Же айыпсыз жашаганыңан пайда көрөбү?+  Аны урматтаганың үчүн сени жемелейби, Же сени менен соттошобу?+  Кылган кыянаттыгың өтө көп болуп жүрбөсүн+, Деги кылмыштарыңдын чеги болобу?  Сен бир туугандарыңдан жөн жерден күрөө аласың+, Ач-жылаңачтардын кийимин сыйрып аласың.  Чарчап-чаалыкканга суу бербейсиң, Ачка калгандан наныңды аяйсың+.  Жер күчтүү кишиге таандык+, Анда кошоматчыларды жакшы көргөн жашайт.  Сен жесирлерди куру кол кетиресиң, Жетимдердин колун алсыратасың+. 10  Ошон үчүн туш тарабыңа тузак коюлду+, Сени капысынан коркунуч басты, 11  Көзүңдү караңгылык байлады, Ташкындаган суунун астында калдың. 12  Кудай асмандай бийик эмеспи?+ Жылдыздардын канчалык көп+, канчалык бийик экенин да карачы. 13  Сен болсо: „Кудай эмнени билет? Ал коюу караңгылыктын артынан соттой алабы? 14  Булуттарга жашынгандыктан ал көрбөйт, Асмандын кыйырында басып жүрөт“,— дейсиң. 15  Сен байыркылардын жолун жолдойсуңбу? Ал жолдо кыянатчыл кишилер жүргөн. 16  Алар мезгилсиз жок болушкан+, Пайдубалдары+ дарыядай агып кеткен. 17  Алар чыныгы Кудайга: „Бизди жайыбызга кой!+ Кудурети Күчтүү бизге эмне кыла алат?“ — дегендерден. 18  Ошого карабай Кудай алардын үйлөрүн мүлккө толтурган+. Бирок ыймансыздардын ой-максаты менден алыс+. 19  Адил адамдар алардын ойрон болгонун көрүп кубанат+, Айыпсыз аларды шылдыңдап күлүп: 20  „Душмандарыбыз кырылды, Алардан калганды от жалмайт“,— дейт. 21  Суранам сенден, Кудайды таанып-бил, аны менен тынчтыкта бол. Ошондо сага жакшылык келет. 22  Анын оозунан чыккан мыйзамды кабыл ал, Айткандарын жүрөгүңө түй+. 23  Эгер Кудурети Күчтүүгө кайрылсаң+, бутуңа турасың. Эгер ыймансыздыкты чатырыңа жолотпосоң, 24  Эгер асыл таштарыңды жерге, Опир алтынын+ өзөндөгү таштардын арасына ыргытсаң, 25  Кудурети Күчтүү сенин асыл ташың, Тандамал күмүшүң болот+. 26  Ошондо Кудурети Күчтүүдөн зор кубаныч табасың+, Кудайдын алдында башыңды көтөрөсүң+. 27  Ага жалынып-жалбарасың — ал үнүңдү угат+, Берген убадаларыңды аткарасың+. 28  Ойлогон ой-максатың орундалат; Жолдоруңа жарык тиет+. 29  Ал эми кекирейе сүйлөсөң, басынтыласың+. Анткени Кудай момунду куткарат+. 30  Ал айыпсызды аман алып калат+. Колуң таза болсо, сен да куткарыласың»+.

Шилтемелер