Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 19:1—29

19  Аюп мындай деп жооп берди:  «Качанга чейин жанымды кейитип+, Сөзүңөр менен эзесиңер?+  Ушуну менен он жолу кекеттиңер, Мага катаал мамиле жасоодон уялып койбойсуңар+.  Ката кетирген болсом+, Кесепетин өзүм тартам.  Силер өзүңөрдү менден өйдө көрсөңөр+, Мени маскара болууга тийиш деп эсептесеңер+,  Анда, билип койгула, мени Кудай өзү адаштырды. Үстүмө аңчынын торун жайды+.  Зордук-зомбулуктун айынан кыйкырып жатам, бирок жооп жок+. Жардамга чакырып жатам, бирок адилеттүүлүк жок+.  Ал таш дубал менен жолумду бөгөдү+, мен андан өтө албай жатам, Жолдорума караңгылык каптатты+.  Ал менден даңкымды тартып алды+, Башымдан таажымды алып койду. 10  Ал мени туш тарабыман уратып жатат, мен жок болуп баратам, Үмүтүмдү дарактай кылып түбүнөн омкоруп жатат. 11  Мага каарын кайнатып, Мени душман көрүп жатат+. 12  Аскерлери чогулуп, мени көздөй жол салууда+, Чатырымды курчап жайланышып жатышат. 13  Ал менден бир туугандарымды алыстатты+, Мени билгендер мага далысын салды. 14  Жоро-жолдошторум көздөн кайым болду+, Тааныштарым унутту. 15  Үйүмдө жашаган келгиндер+, күңдөрүм мени чоочун бирөөдөй көрүшөт, Алардын көз алдында жат кишидей болуп калдым. 16  Кулумду чакырсам — жооп бербейт, Боор оорушун өтүнүп, ага жалынып-жалбарам. 17  Демимен аялым жийиркенип жатат+, Каңырсыган жытыма уялаш туугандарым чыдабай калды. 18  Жаш балдар да мени көзүнө илбей калды+, Ордуман козголдум дегиче, мага каяша айтышат. 19  Санаалаштарымдын баарына жек көрүндү болдум+, Жакшы көргөн кишилерим да мага каршы чыкты+. 20  Терим менен этим сөөгүмө жабышты+, Мен өлүп кала жаздадым*. 21  Мени аяп койсоңор боло, досторум, аяп койсоңор боло+: Мага Кудайдын колу тийди+. 22  Силер да, Кудайдай болуп, эмнеге мени куугунтуктап+, Денемдин этине тойбой жатасыңар? 23  Аттиң, сөздөрүм жазылып, Китепке түшүрүлсө кана! 24  Темир калем+ менен, коргошун менен жазылып, Түбөлүккө аска ташка чегилсе кана! 25  Мен жакшы билем: куткаруучум тирүү+, Ал артыман келет да, топурактын үстүнө турат+. 26  Минтип теримди сыйрып алышканына, Этимдин шылынып калганына карабай, Кудайды көрөм. 27  Аны өзүм көрөм+, Башка бирөөнүн көзү эмес, өз көзүм көрөт. Күтүүдөн жан дүйнөм жабыркады*. 28  Кептин баары менде жаткансып, Силер: „Муну эмне кылып куугунтуктап жатыптырбыз?“+ — дейсиңер. 29  Өзүңөрдү ойлогула, кылычтан корккула+, Анткени кылыч айыптууларга каарын төгөт. Билип койгула: өкүм чыгара турган бирөө бар»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «тишимдин териси менен куткарылдым».
Сөзмө-сөз: «бөйрөктөрүм иштебей калды».