Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 16:1—22

16  Буга Аюп мындай деди:  «Мен мындайдын далайын уккам, Баарыңар тең азабымды арбыткан сооротуучусуңар+.  Куру сөзүңдүн аягы болобу деги?+ Минтип жооп бергидей, сени эмне кыжырдантты?  Мен деле силердей сүйлөй алмакмын. Эгер силер менин ордумда болсоңор, Силерге кыйынсынып сүйлөйт белем+, Башымды чайкап отурат белем?+  Жок, силерди оозуман чыккан сөздөр кубаттап+, Тилимдин сооротуусу жеңилдик бермек.  Сүйлөсөм, азабым азайбайт+, Унчукпай калсам да, андан арылбайм.  Азыр Ал мени алсыратып+, Тегерегимдегилердин эч кимисин калтырган жок.  Мени болсо бек кармап турат. Ушунун өзү күбө болду+. Буга алсыраган абалым күбө, ал мага каршы чыкты.  Кудай мени каары менен кыйнап, мага кастык кылып+, Тишин кайрап жатат+, Душманым мени тикирейип карап турат+. 10  Ооздорун мага каршы араандай ачып+, Мени шылдыңдап, жаакка чаап жатышат, Көпчүлүк мага каршы чогулуп жатат+. 11  Кудай мени уландардын колуна салып берип, Ыймансыздардын кол алдына ыргытып жатат+. 12  Тынч жашап жатканымда, ал мени силкилдетти+, Желкемен алып, таш-талканымды чыгарды, Мени бута кылып алды. 13  Анын жаачылары+ мени курчап жатышат, Ал бөйрөктөрүмдү+ аёосуз тешип, Өтүмдү жерге төгүп жатат. 14  Денемди дубалды тешкендей тешип жатат, Мага күчтүү жоокердей атырылып келатат+. 15  Теримди жабуу үчүн таардан* кийим тиктим+, Мүйүзүм* жерге сайылды+. 16  Бетим ыйдан кызарды+, Көзүмдүн тегерегин караңгылык каптады+. 17  Бирок колумда зордук-зомбулук жок, Тиленүүм да таза+. 18  Оо, жер, канымды жашырба!+ Муң-зарыма жай табылбасын! 19  Мен жөнүндө күбөлөндүрүүчү асманда, Күбөм жогоруда+. 20  Досторум мага каршы сүйлөп жатышат+, Уйку көрбөгөн көздөрүм Кудайды карап турат+. 21  Адам баласы менен анын жакынынын ортосундагыдай, Кудай менен адамдын ортосунда да чечим чыгарылсын+. 22  Анткени саналуу эле жыл өтөт да, Мен кайрылып келгис жолго түшөм+.

Шилтемелер

Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда ж. б. у. с. учурларда кийишчү же колдонушчу.
Ыйык Китепте «мүйүз» деген сөз көп учурда күч-кубатты, бийликти билдирет.