Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 13:1—28

13  Мына ушунун баарын көзүм көрдү, Кулагым угуп, дит койдум.  Силер билгенди мен да билем, Силерден эч жерим кем эмес+.  Мен Кудурети Күчтүү менен сүйлөшкүм келет+, Кудай менен талашып-тартышкым келет.  Силер болсо жалаа жабасыңар+, Баарыңар тең эч нерсеге жарабаган дарыгерсиңер+.  Үн катпай эле койсоңор кана! Силердин акылмандыгыңар ошол болмок+.  Далилдериме кулак салгылачы+, Өтүнүчтөрүмө көңүл бургулачы.  Силер Кудайды коргоп жаман сөздөрдү сүйлөйт белеңер, Же ага болушуп алдайт белеңер?+  Анын алдында бет карамалык кылат белеңер?+ Же чыныгы Кудайды жактайт белеңер?  Ал силерди суракка алса, жакшы болот беле?+ Аны ажалдуу адамды алдагандай алдай алат белеңер? 10  Тымызын эки жүздүүлүк кылсаңар+, Ал силерди сөзсүз ашкерелейт+. 11  Анын улуулугу үрөйүңөрдү учурбайбы? Анын алдында силерди коркунуч баспайбы?+ 12  Унутулгус сөздөрүңөр күлдөн куралган ылакаптардай, Каяшаңар топурактан жасалган калкандай+. 13  Унчукпагыла, мен сүйлөйүн. Анан эмне болсо, ошол болсун! 14  Мен эмне үчүн жанымды оозума тиштеп жүрөм, Эмнеге өмүрүмдү тобокелге салып келем*?+ 15  Мени өлтүрүп койгон күндө да Аны күтпөйт белем?+ Ошондо да анын алдында өз жолумду коргомокмун. 16  Ал да мени куткармак+, Анткени андан баш тарткан адам анын алдына бара албайт+. 17  Сөзүмдү кунт коюп уккула+, Айткандарыма кулак салгыла. 18  Уккула! Мен доомду айттым, Меники туура экенин билем+. 19  Мени менен ким талашат?+ Унчукпай калганымдан көрө, өлгөнүм артык! 20  Мага эки нерсени гана кыла көрбө, Ошондо сенден жашынбайм+. 21  Менден колуңду тарт, Сенин алдыңда коркуп, үрөйүм учпасын+. 22  Чакыр — жооп берейин, Же мен сүйлөйүн — сен жооп бер. 23  Деги кандай кылмыш-күнөөм бар? Айыбым менен күнөөмдү көрсөт. 24  Эмне үчүн жүзүңдү жашырып+, Мени душманыңдай көрүп жатасың?+ 25  Шамалга айдалган жалбыракты титиретесиңби? Кургап калган бир тал самандын артынан сая түшөсүңбү? 26  Сен мага каршы катуу айып жазып жатасың+, Жаш кездеги күнөөлөрүмдүн азабын тарттырып жатасың+. 27  Бутума кишен салып+, Ар бир кадамымды аңдып турасың, Таман астыма чек коюп жатасың. 28  Мен* чирип жок болуп бараткан нерседеймин+, Күбө жеген кийимдеймин+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жанымды алаканыма салып келем».
Же: «бул киши». Евр. «ал», б. а. Аюп.