Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 12:1—25

12  Буга Аюп мындай деп жооп берди:  «Ооба, силерден башканын баары адам эмес, Силер өлсөңөр, акылмандык кошо өлөт!+  Бирок менде да силердикиндей жүрөк бар+, Мен деле силерден кем эмесмин+. Силер билгенди башкалар билбейт бекен?  Мен жакыныма шылдың болдум+, Жооп алыш үчүн+ Кудайга кайрылып жүргөн, Мендей адил, кемчиликсиз адам шылдың болду.  Кайгысы жок киши кырсыкты жектейт+, Ага олку-солку болгондор кабылат деп ойлойт+.  Талап-тоноочулардын чатырын жамандык баспайт+, Кудайдын каарын кайнаткандар коопсуз жашайт, Алар кудайын колунда көтөрүп жүргөндөрдөй+.  Бирок үй айбанаттарынан сурап көрчү, алар сени үйрөтөт+. Асмандагы канаттуу куштарга кайрылып көрчү, сага айтып берет+.  Же жерге назарыңды салчы, ал үйрөтөт+. Деңиздеги балыктар+ да түшүндүрөт.  Муну Жахабанын колу жасаганын+ Алардын кайсынысы билбейт? 10  Ар бир адамдын жаны+, Ар бир кишинин өмүрү Анын колунда+. 11  Сөздү айырмалаган кулак эмеспи?+ Тамактын даамын сезген таңдай эмеспи?+ 12  Даанышмандык карыларда+, Түшүнүк көп жашагандарда болбойбу? 13  Акылмандык менен күч-кубат+, Кеңеш менен түшүнүк Кудайда+. 14  Ал кыйратканды эч ким кура албайт+, Ал жапканды адам ача албайт+. 15  Сууларды токтотсо — соолуйт+. Коё берсе — жерди өзгөртөт+. 16  Күч-кубат менен акылмандык Анда+, Жаңылган да, жаңылткан да Анын алдында+. 17  Ал кеңешчилерди жылаңайлак калтырат+, Сотторду акылынан ажыратат. 18  Падышалардын кишенин бошотот+, Алардын белин кур менен бууйт. 19  Дин кызматчыларды жылаңайлак калтырат+, Ордунда бекем отургандарды кулатат+. 20  Ишеничтүү кишилерди тилден калтырат, Карыяларды эстүүлүгүнөн ажыратат. 21  Тектүүлөрдү жек көрүндү кылат+, Күчтүүлөрдүн курун бошотот. 22  Тереңде жаткан нерселерди караңгылыктан ачыкка чыгарат+, Коюу караңгылыкка жарык чачат. 23  Элдерди улуу кылат да, кайра жок кылат+, Өркүндөтөт да, айдап жиберет. 24  Эл башчыларын акылдан ажыратат, Ошондо алар жолу жок ээн талаада каңгып калат+. 25  Аларды мас кишидей адаштырат+, Ошондо алар жарык тийбеген караңгы жерде сыйпалап басышат+.

Шилтемелер