Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 11:1—20

11  Нааматтык+ Сопар мындай деп жооп берди:  «Көп сөзгө жооп табылбайт дейсиңби? Же ооз көптүрө сүйлөгөндүкү эле туура болуп чыгабы?  Куру сөздөрүң элдин оозун жаба алабы? Шылдыңдай берсең, сени жемелей турган киши табылбайбы?+  Сен: „Менин насаатым+ туура, Көз алдыңда акмын“,— дейсиң+.  Оо, Кудай сүйлөп, Оозун сага каршы ачса кана!+  Ал сага акылмандыктын сырын айтып бермек, Анткени акылмандык көп кырдуу. Ошондо Кудай айрым күнөөлөрүңдү эске албаганын билмексиң+.  Кудайдын терең сырларын түшүнө аласыңбы+, Кудурети Күчтүүнүн улуулугунун чегин биле аласыңбы?  Анын акылмандыгы асмандан бийик. Сен эмне кыла аласың? Ал көрдөн*+ терең. Эмне биле аласың?  Чен-өлчөмү жерден узун, Деңизден жазы. 10  Эгер ал өтүп баратып, кимдир бирөөнү туткундаса, Анан соттосо, Ага ким каршылык көрсөтө алат? 11  Анткени ал калп сүйлөгөндөрдү жакшы билет+. Анда кыянаттыкты көрүп туруп, көңүл бурбай коёбу? 12  Эгер зебра адам болуп туулса, Анда акылсыздын да ниети түз болмок. 13  Эгер жүрөгүңдү чындап даярдасаң, Кудайдан тиленсең+, 14  Эгер колуңда кыянаттык болсо, аны өзүңдөн алыстатсаң, Ыймансыздык чатырыңда жашабаса, 15  Анда жүзүң жарык болот+, Коркпой, бекем турасың. 16  Анткени кыйынчылыкты унутасың, Ал агып кеткен суудай гана эсиңде калат. 17  Өмүрүң+ чак түштөн да жарык болот, Караңгылык таң сыяктуу болот+. 18  Үмүтүң бар болгондуктан, келечекке ишеним менен карайсың, Тегерегиңе көз чаптырып, коопсуз жатасың+. 19  Боюңду жазасың, сени эч ким коркутпайт. Көңүлүңдү алууга көптөр умтулат+. 20  Ыймансыздардын көздөрү көрбөй калат+, Баш калкалаар жайы кыйрайт+, Алардын үмүтү жандын акыркы деминдей үзүлөт»+.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.