Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Аюп 10:1—22

10  Жашоом жаныма жийиркеничтүү болуп жатат+. Мен ичимдеги кайгымды төгөм, Жаным кыйналганынан сүйлөйм!  Кудайга мындай дейм: „Мени айыпка жыкпа. Мага эмне үчүн эрегишип жатканыңды түшүндүр.  Кыянаттык кылганыңан+, Өз колуң менен жаратканыңды+ жеригениңен, Ал эми ыймансыздардын ой-максатына жарык чачканыңан сага эмне пайда?  Сенин көзүң адамдын көзүндөй беле?+ Же сен ажалдуу адам карагандай карайсыңбы?+  Күндөрүң ажалдуу адамдын күндөрүндөйбү?+ Же жылдарың кишинин күндөрүндөйбү?  Эмнеге менден ката издеп, Күнөөмдү иликтеп жатасың?+  Менин жазыксыз экенимди+, Колуңан куткарып алар эч кимим жок экенин билесиң да+.  Мени өз колуң менен калыпка салбадың беле+, Бүт мүчөмдү жаратпадың беле, эми мени өзүң жеп-жутканы жатасыңбы?  Мени топурактан жасаганыңды+, Кайра топуракка кайтарарыңды эстечи+. 10  Мени сүт сыяктуу куйбадың беле, Быштак сыяктуу уютпадың беле+. 11  Мага тери менен эт чаптап, Денемди сөөк, тарамыш менен бириктирбедиң беле+. 12  Мага өмүр берип, мээримдүүлүк көрсөтүп+, Өмүр демимди камкордугуң менен сактап келбедиң беле+. 13  Бирок жүрөгүңдө буларды жашырып жүргөн экенсиң. Буларды ниет кылып келгениңди билем. 14  Күнөө кылып келсем, мени карап тургансың+, Ошон үчүн кылмышымды кечирбейсиң+. 15  Эгер айыбым болсо, шорумдун катканы!+ Айыбым жок болсо да, башымды көтөргөнгө батынбайм+. Мен кордукка тойдум, азапка малындым+. 16  Эгер бой көтөрсөм+, артымдан жаш арстандай кубалайсың+, Кайрадан мага улуулугуңду көрсөтөсүң. 17  Алдыма жаңы күбөлөрүңдү коёсуң, Мага ого бетер каарданасың; Башыма улам бир кырсык түшүп жатат. 18  Мени энемдин ичинен эмнеге чыгардың экен?+ Эч ким көрө электе эле өлүп калсам кана. 19  Анда жарык дүйнөгө келбегендей эле болбойт белем, Жатындан көргө түшпөйт белем“. 20  Менин күндөрүм саналуу эмеспи?+ Мени жайыма койсун, Менден көзүн бурсун. Бир аз кайрат топтоп алайын+. 21  Мен караңгылык, коюу түн өкүм сүргөн жерге кетем+, Кайра кайтып келбейм+. 22  Баш аламан, жарыгы да караңгы, Караңгылыктай, коюу түндөй капкараңгы жайга кетем».

Шилтемелер