Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Амос 8:1—14

8  Эгедер Теңир Жахаба мага муну көрсөттү: жайкы жемиш салынган бир себет туруптур+.  Анан ал менден: «Амос, эмнени көрүп турасың?» — деп сурады+. Мен: «Жайкы жемиш салынган себетти»,— дедим+. Ошондо Жахаба мага мындай деди: «Ысрайыл элимдин күнү бүттү+. Аларды экинчи кечирбейм+.  „Ошол күнү ибадатканада ырдабай эле, боздошот+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Өлүк көп болот+, аларды ар кайсы жерге ыргытышат. Чүшш!“  Кедей-кембагалды жеп-жуткусу келгендер+, бул жердеги мүнөзү жумшак кишилердин көзүн тазалагысы келгендер+, уккула.  Силер: „Ай жаңыргандагы майрам качан өтөт?+ Өтсө, эгин сатат элек+. Ишемби күн+ өтсө, дан сатат элек, эйфаны азайтып+, шекелди көбөйтүп, таразадан жейт элек+.  Кедейди күмүшкө, жакырды жуп сандалга сатып алат элек, дандын чарын сатат элек“+,— дейсиңер.  Жахаба — Жакыптын даңкы+ — ысмын оозанып, мындай деп ант берди: „Алардын кылганын эч качан унутпайм+.  Ошондуктан жер солкулдап+, ар бир тургуну күйүт тартпайт бекен?+ Ал Нилдей, Мисирдеги Нилдей, ташкындап көтөрүлүп барып, кайра тынчып калбайт бекен?“+  „Ошол күнү мен чак түштө эле күн баткыдай+, күндүз эле жерди караңгылык каптагыдай кылам,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— 10  Майрамдарыңарды күйүткө, ырларыңарды кошокко айландырам+, баарыңарды таар курчантып, чачыңарды кырып таштайм+. Ошондо бирөө жалгыз уулун жоктоп күйүт тарткандагыдай абал өкүм сүрөт+, каран түн түшөт“. 11  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мына, мындай күндөр келатат: мен жерге ачарчылык жиберем, ал ачарчылык нандын же суунун жоктугунан эмес, Жахабанын сөздөрүн угууга зар болгондуктан пайда болот+. 12  Ошондо деңизден деңизге чейин, түндүктөн түштүккө чейин тентишет. Жахабанын сөзүн издеп жер кезишет, бирок табышпайт+. 13  Ошол күнү сулуу кыздар менен жигиттер суусаганынан эс-учун жоготот+. 14  Алар Самариянын жалган кудайларын оозанып+: “Дан+, сенин кудайың тирүү!” — дешет, Беир-Шебанын+ жолун оозанып ант беришет. Ошон үчүн кулашат, ошол бойдон турушпайт“»+.

Шилтемелер