Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Амос 7:1—17

7  Эгедер Теңир Жахаба мага муну көрсөттү: кеч себилген үрөн өнүп чыкканда, Кудай жер жайнаган чегиртке жиберди+. Ал падышанын чөбү чабылгандан кийинки маал болчу.  Чегиртке ошол жердин өсүмдүктөрүн жеп түгөткөндө, мен: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба, элиңди кечире көр+. Жакып кантип аман калат? Ал алакандай эле эл эмеспи!» — дедим+.  Ошондо Жахаба чечимин өзгөрттү+. Жахаба: «Андай болбойт»,— деди.  Эгедер Теңир Жахаба мага муну көрсөттү: Эгедер Теңир Жахабанын буйругу боюнча, от аркылуу+ чечиле турган талаш башталды. Ал от эбегейсиз терең суу туңгуюгун жалмап, жерди куйкалап кетти.  Ошондо мен: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба, токтото көр+. Жакып кантип аман калат? Ал алакандай эле эл эмеспи!» — дедим+.  Ошондо Жахаба чечимин өзгөрттү+. Эгедер Теңир Жахаба: «Мындай да болбойт»,— деди.  Ал мага муну көрсөттү: Жахаба өлчөгүч шайман менен өлчөнгөн дубалдын үстүндө туруптур+, колунда өлчөгүч шайман бар экен.  Анан Жахаба менден: «Амос, эмнени көрүп турасың?» — деп сурады. «Өлчөгүч шайманды»,— деп жооп бердим. Ошондо Жахаба мындай деди: «Мен ысрайыл элимдин ортосуна өлчөгүч шайман коём+. Аны экинчи кечирбейм+.  Ыскактын бийик жерлери+ ээн калат, Ысрайылдын ыйык жайлары+ талкаланат+. Мен кылыч көтөрүп, Жеробамдын үйүнө каршы чыгам»+. 10  Бейтелдин дин кызматчысы+ Амазия Ысрайыл падышасы Жеробамга+ мындай деп айттырып жиберди: «Амос Ысрайыл үйүндө сага каршы козголоң уюштуруп жатат+. Жер анын сөздөрүнө чыдабайт+. 11  Амос: „Жеробам кылычтан өлөт. Ысрайыл болсо өз жеринен сөзсүз туткундалып кетет“+,— деп жүрөт». 12  Ошондо Амазия Амоско мындай деди: «Эй, көрөгөч+, бар, Жүйүт жерине кет. Ошол жакта нан жеп, ошол жакта пайгамбарлык кыла бер. 13  Бейтелде экинчи пайгамбарлык кылба+. Анткени бул жер — падышанын ыйык жайы+, падышалыктын ибадатканасы*». 14  Амос болсо Амазияга мындай деди: «Мен пайгамбар да, пайгамбардын уулу+ да эмес элем. Мал багып+, анжир мөмөсүн тилип жүрчүмүн. 15  Жахаба мени мал багып жүргөн жеримен чакырды. Жахаба мага: „Тур, ысрайыл элиме пайгамбарлык кыл“,— деди+. 16  Эми Жахабанын сөзүнө кулак сал: „Сен: “Ысрайылга каршы пайгамбарлык кылба+, Ыскактын үйүнө каршы бир да сөз айтпа”+,— деп жатасыңбы? 17  Ошон үчүн Жахаба мындай дейт: “Сенин аялың шаарда сойку болот+. Уул-кыздарың кылычтан өлөт. Жериңди ченегич жип менен ченеп, бөлүп алышат. Сен өзүң арам жерде өлөсүң+. Ысрайыл болсо өз жеринен сөзсүз туткундалып кетет”“»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «үйү».