Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Амос 6:1—14

6  «Сиондо бейкапар жашагандардын+, Самариянын тоолоруна таянгандардын башына каран түн түшөт! Алар — элдер арасындагы көрүнүктүү элдин атактуу кишилери, Ысрайыл үйү ошолорго барат.  Калнеге баргыла, көргүлө, ал жактан чыгып, элдүү Хаматка+ баргыла, андан соң пелиштиликтер жашаган Гатка+ баргыла. Алар бул падышалыктардан жакшы бекен? Алардын жери силердикинен чоң бекен?+  Силер каргашалуу күндү ойлогуңар келбей+, зордук-зомбулукка орун берип жатасыңар+.  Пилдин сөөгүнөн жасалган+ сөөрүлөрдө созулуп, төшөгүңөрдө керилип жатасыңар, отордогу кочкордун, бордолгон торпоктун этин жеп+,  кыл аспапта ойноп+, ыр чыгарып, Дөөтүдөй болуп, жаңы аспаптарды+ ойлоп чыгарып жатасыңар.  Чөйчөктөн шарап ичип+, эң жакшы майлар менен майланып жатасыңар+. Жусуптун башына түшкөн кырсыкты+ көрүп турсаңар да, жүрөгүңөр сыздаган жок.  Ошон үчүн алар биринчилерден болуп туткунга кетишет+, керилип жаткандардын той-тамашасы токтойт.  „Эгедер Теңир Жахаба өз жанын оозанып ант берет+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— Мен Жакыптын текебердигинен жийиркенем+, анын мунаралуу чебин жек көрөм+, мен анын шаарын жана андагынын баарын душмандарына берем+.  Эгер кайсы бир үйдө он киши аман калса, алар да өлөт+. 10  Атасынын бир тууганы аларды үйдөн бир-бирден алып чыгып өрттөйт+. Үйдөн алардын сөөгүн алып чыккандан кийин, ал төркү бөлмөдөгү кишиден: “Үйдө дагы бирөө барбы?” — деп сурайт, тиги: “Жок”,— деп жооп берет. Ошондо ага: “Унчукпа! Азыр Жахабанын ысмын чакыра турган убак эмес”,— дейт“+. 11  „Мына, Жахаба буйрук кылып жатат+, ал чоң үйдү уратып, кичине үйдүн таш-талканын чыгарат+. 12  Аттар асканын үстүндө чуркайбы же асканы өгүз менен айдайбы? Силер болсо адилеттүүлүктү уулуу чөпкө+, ал эми адилдиктин жемишин эрменге айландырдыңар. 13  Силер жок нерсеге кубанып+: “Биз бул мүйүздөргө* өзүбүздүн күчүбүз менен жеттик”,— деп жатасыңар+. 14  Оо, Ысрайыл үйү, мына, мен бир элди силерге каршы чыгарам+. Ал силерди Хаматтын кире беришинен+ тартып Араба өзөнүнө чейин эзет“,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба».

Шилтемелер

Ыйык Китепте «мүйүз» деген сөз көп учурда күч-кубатты, бийликти билдирет.